19
Апрель
2012
Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Баткен районунун Чоң-Гара айылындагы курулуп бүтпөй калган каналды барып көрдү.
Райондун акими Сейтмурат Калыков бул курулуштун сметалык наркы 500 млн. сом экендигин жана ал ишке киргизилсе 1 миң 733 га жер өздөштүрүлүп, 560 га жердин мелиоративдик абалы жакшыртылуусуна шарт түзүлө тургандыгын айтты.
Айылдын жашоочулары менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө мектеп куруунун зарылдыгы айтылды. Премьер-министр Ө.Бабанов бул үчүн биринчи кезекте курулуп бүтпөй калган же авариялык абалдагы мектептерди куруп бүтүрүү керектигин белгиледи. Ошондой эле жакын арада Чоң-Гара мектебине 10 комплект компьютердик техниканы белекке берүүнү убада кылды.
Андан соң Өкмөт башчысы Кадамжай районуна барып, Бүргөндү массивинде болду. Ө.Бабановго аталган массивди өздөштүрүүнүн схемасы туурасында толук маалымат берилип, негизги максат – айылдыктарды жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү аркылуу ичүүчү таза суу менен камсыздоо экендиги белгиленди. Өкмөт башчысы каналды куруу жана жаңы жерлерди өздөштүрүү маселесине комплекстүү мамиле жасалышы керектигин айтты.
Ак-Турпак айылынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда айылдыктар таза суу менен камсыз кылуу жана чегарага жакын жайгашкан айылдардын маселелерин көтөрүштү. Ө.Бабанов Бишкекке кайткандан кийин АРИС менен таза суу менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандыгын айтып, ал эми чегарага жакын жайгашкан айылдардын маселелерин чечүү боюнча кошуна мамлекеттер менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи.
Ө.Бабанов «Ала-Тоо финанс» микрокредиттик компаниясы түзүлүп, ал ар бир айыл округуна 2 млн. сомдон 7% үстөгү менен жеңилдетилген кредит бере тургандыгын маалымдады.
«Кредиттер биринчи кезекте жакыр жашаган үй-бүлөлөргө берилет. Ар бир айыл округунда кредиттик кеңештер түзүлүп, алардын курамына кадыр-барктуу аксакалдар, жарандык коомдун өкүлдөрү киргизилет”, - деди Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү