10

Январь

2012

  Бул жөнүндө бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов ар жумада өтүүчү жана 2011-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын алдын ала жыйынтыктарына байланышкан маселе каралган кеңешмеде билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин жалпысынан аткарылганы белгиленди. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү пландаштырылгандан тышкары 1 млрд. 103 млн. сомго ашыкча аткарылган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөт 2011-жылга 21 млрд. сом дефицит менен киргендигин эске салды. “2011-жылы биз бюджетке 3 жолу өзгөртүүлөрдү киргиздик, анткени мамлекеттик казынаны толтуруучу кошумча киреше булактарын табылган болчу. Бул жылы улутташтырылган объектилер сатылбай, тиешелүү каражаттар бюджетке түшкөн жок, ЕврАзЭКтин Кризиске каршы фондунан 106 млн. АКШ доллары суммасындагы кредиттик каражат да келген жок. Ага карабай, бюджеттин баардык капиталдык салымдар боюнча жана корголгон беренелери толук аткарылды. Мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык чөйрөдө кызмат өтөгөндөр убагында айлык акыларын алып жатышат”,- деди Өмүрбек Бабанов.   Ошондой эле Өкмөт башчысы мамлекеттин казыналык эсептеринде каражаттар бар экендигин маалымдады. “Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттин казыналык эсептеринде калган каражаттын суммасы 3 млрд. 319 млн. сомду түздү. Бул Алмазбек Атамбаев жетектеген мурдагы Өкмөттүн чоң жетишкендиги болуп саналат. Салыштырып кетсек, 2011-жылдын башында казыналык эсептерде 1 млрд. сом, 2010-жылдын башында – 218 млн. сом, ал эми 2009-жылы   756 млн. сом калган болчу”, - деди Ө.Бабанов. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов алдын ала маалыматтарга ылайык 2011-жылдын 12 айында салыктар менен төлөмдөрдөн  30 млрд. 13 млн. сом бюджетке түшүшү күтүлсө, иш жүзүндө 30 млрд. 291,5 млн. сом каражат түшүп, аткарылышы 100,9 % болгондугун, башкача айтканда, 278,5 млн. сомго ашыкча чогулгандыгын белгиледи. Мурдагы жылга салыштырмалуу салыктар менен төлөмдөрдүн түшүшүнүн өсүү темпи 125,1 % түздү. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов белгилегендей, алдын ала маалыматтарга ылайык, 2011-жылы бажы төлөмдөрүнөн 21 млрд. 822,5 млн. сом түшүшү күтүлсө, иш жүзүндө 23 млрд. 670,3 млн. сом суммасындагы каражат түшүп, бул 1 млрд. 847,8 млн. сомго ашык каражат чогулгандыгын билдире тургандыгын, башкача айтканда, план 108,5 % аткарылгандыгын белгиледи. Мурдагы жылга салыштырмалуу төлөмдөрдүн түшүшүнүн өсүү темпи 149 % түздү. Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Өмүрбек Бабанов бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын өсүү темпи жакшы экенин баса белгиледи. “Бул – көмүскө экономикадагы каражаттардын ачыкка чыга баштагандыгын көрсөтүп турат”, - деди Премьер-министр. Мындан тышкары, Өкмөт башчысы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына ар бир район боюнча салыктардын чогулушу тууралу маалыматты берүүсүн тапшырды. “Планды аткарган райондук салык кызматтарынын жетечилери ордунда калып, аткаралбагандар жумуштан кетиш керек. Биз ушундай принципте жумуш алып барышыбыз керек”, - деп баса белгиледи Ө. Бабанов.