31
Январь
2012-жылдын 30-январында мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов республиканын бир катар ЖМКсына интервью берди. Негизги
Интервью учурунда Өкмөт башчысы Өкмөттүн “100 күндүк” Иш-аракеттер планына, энергетика, коррупция жана криминалга каршы күрөшүү, айыл чарбасы жаатындагы абалга, ошондой эле билим берүү системасын, укук коргоо органдарын реформалоо, региондорду өнүктүрүү боюнча пландарга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Журналисттер менен учурашып жатып, Премьер-министр мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну сунуштады.
Негизги темага кайрылып, Ө.Бабанов Өкмөттүн Иш-аракеттер планы 160 пункттан тура тургандыгын белгиледи.
“Өкмөт бардык милдеттерди аткарууга дилгир. Аларды ишке ашыруу үчүн конкреттүү кызматкерлер бекитилип, аларга иш жыйынтыгы үчүн жекече жоопкерчилик жүктөлөт”, - деди Премьер-министр.
Иш-аракеттер планында коррупция менен күрөшүүнүн кандай механизмдери киргизилгендиги туурасында суроого жооп берип жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул багыттагы милдеттер “100 күндүктө” да, жыл аягына чейинки базалык программада да каралгандыгын белгиледи.
“Биринчи кадам – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн 20 минден 300гө чейин азайтуу. Бул адамдардын мамлекеттик органдар менен түздөн-түз иш-аракеттерди жасоосун кыскартуу аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган. Ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн алкагында Финансы полициясы толугу менен реформаланууда. Анын болгону 200 кызматкери болот жана аларды атайын комиисия тандайт. Мындай практика биринчи ирет киргизилүүдө. Эгерде ал жакшы натыйжа берсе, кийинчерээк башка маморгандарга да киргизилет. Ушул Ыинпол гана чарбалык субъектилердин мыйзам чегинде иштөөсүн текшергенге акылуу болот”, - деди Өкмөт башчысы.
Премьер-министр Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан да УКМК алдында Коррупцияга каршы кызмат түзүлгөндүгүн жана ал дагы бул багытта активдүү иш алпара тургандыгын белгиледи.
Өлкөдөгү тоо-кен өнөр жайынын өнүгүшү туурасындагы суроого жооп берип жатып, Ө.Бабанов Өкмөт тендерлердин жана аукциондордун ачык-айкын өткөрүлүшүн камсыздоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгелерди көтөрө тургандыгын белгиледи.
“Бул тармакка инвестициялоого кызыкдар болгондор аз эмес жана биз бул үчүн тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек. Өкмөт ачык, айкын тендерлердин өткөрүлүшүнө кепилдик берет. Ошондой эле лицензияларды берүү иши да ачык жүргүзүлөт”, - деди Ө.Бабанов.
Кийим тигүү тармагынын өнүгүшүнө байланышкан суроого жооп берип жатып, Өкмөт башчысы энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдына бул тармакты региондордо өнүктүрүү боюнча конкреттүү милдеттер коюлгандыгын айтты.
«Өкмөт аларга болушунча преференцияларды берет. Биз кийим тигүүчүлөрүбүздү колдойбуз”, - деди Ө.Бабанов.
Айыл чарбасын өнүктүрүү Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп санала тургандыгын белгилеген Премьер-министр бюджеттен 1 млрд.сом айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдиктери менен кредитерди берүү үчүн жумшала тургандыгын айтты.
“Бул каражаттын 500 млн.сому өсүмдүк өстүрүү үчүн бир жылдык мөөнөткө 7% үстөгү менен берилет. Калганы – мал чарбачылыгына эки жылдык мөөнөткө берилет. Мында кооперативдерге артыкчылык бериле тургандыгын айтып коюшум керек. Былтыр кредиттер 9% менен берилип, 565 млн. сом өздөштүрүлгөн. Жыйынтыгында айдоо аянттары 20 миң гектарга көбөйгөн. Бул жылы биз ушундай эле жакшы натыйжалар болот деп күтүп жатабыз”, - деди Ө.Бабанов.
Андан тышкары, Өкмөт башчысы ушул жылдын май айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кошумча түрдө 1 млрд.сом мирокредиттөөнү өнүктүрүүгө бериле тургандыгын маалымдады.
“Бул суммадан ар бир айыл өкмөтүнө 2 млн. сомго жакын каражат туура келет. Бул каражатты алып, иштеткенге мүмкүнчүлүгү бар, бирок, кредит алууга күрөөсү жок адамдарды колдоого багытталган”, - деди Ө.Бабанов.
Кыргыз экономикасын Бажы союзуна кирүүгө ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларга кайрылып, Премьер-министр Кыргызстан бул союзга кирүү шарттарын деталдуу түрдө талкуулап, анан чечим кабыл ала тургандыгын белгиледи.
“Биз экономикабыздын айрым секторлору Бажы союзуна кирүүдө белгилүү бир жеңилдиктер берилген мөөнөткө муктаж деп эсептейбиз. Экономика жана монополияга каршы саясат министри жетектеген атайын жумушчу топ түзүлгөн, ал өлкөбүздө чыгарылып жаткан айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн преференцияларды берүү маселелерин талкуулоодо”, - деди Ө.Бабанов.
Энергетика жаатындагы абал туурасында берилген суроого жооп берип жатып, Өкмөт башчысы бул тармакка бекем тартип орнотууга ниети бар экендигин билдирди.
“Бул тармакты өнүктүрүү боюнча конкреттүү милдеттер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленген. Алардын аткарылышы үчүн тиешелүү адамдар жекече жоопкерчилик тартат”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөттүн жакынкы аралыктагы тарифтик саясатына кайрылып, Премьер-министр электрэнергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү боюнча маселе азыркы тапта каралган жоктугун айтты.
“Бул маселе комплекстүү түрдө, бардык факторлорду эске алуу менен каралышы керек. Бүгүн тарифтерди көтөрүү маселесин кароо эртелик кылат деп ойлойм. Азыркы тапта бул маселе Өкмөттө каралган жок”, - деди Ө.Бабанов.
Теманы улантып, Ө.Бабанов өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет электрэнергиясын экспорттоо баасы киловаттына 3,1 центти түзгөндүгүн айтты.
“2010-жылдын апрель окуяларына чейин киловатты 1 центтен сатылып келген. Азыркы тапта 3 млрд. кВттан ашык электрэнергиясы экспорттолду”, - деди Ө..Бабанов.
Мамлекеттик кызматкерлерди тандоо критерийлерине кайрылып, Премьер-министр башкы критерий – кесипкөйлүк болушу керектигин белгиледи.
“Мамлекеттик кызматкерлерге болгон талаптардын бири – чет тилин билүүсү болуп калышы керек. Мен министрликтердин жетекчилерине орун басарлыкка жаш, билимдүү, чет тилин билген жаштардан алуусун сунуштадым”, - деди Ө.Бабанов.
Административдик-аймактык реформага кайрылып, Премьер-министр бул багыттагы алгачкы кадам жасалгандыгын айтты.
“Бул – эки баскычтуу бюджеттин болушу. Андан тышкары, Жогорку Кеңеш губернаторлук институттун жоюлушун жана алардын ордуна Премьер-министрдин өкүлдөрүн дайындоону караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Эгерде парламент бул долбоорду колдосо, бул биздин бул багыттагы экинчи кадамыбыз болуп калат. Бул долбоорго ылайык, облустук мамлекеттик администрациялардын түзүмдөрү кыйла кыскарат, башкаруу оптималдаштырылат”, - деди Өкмөт башчысы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]