18
Май
2012
Бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жыйын өткөрүп, анда селден жабыркаган райондордун жашоочуларына жардам көрсөтүү маселеси каралды.
Өкмөт башчысы Жалал-Абад жана Ош облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктарына кыскача токтолуп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга көңүл бурду. ӨКМ курулуш ( цемент, шифер) материалдарын арзандатылган баада жабыр тарткандарга берүүнү карап чыгууну сунуштады. Курулуш, инвестиция жана региондорду өнүктүрүү агенттигине курулушка алынган ссудаларды төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Өмүрбек Бабанов негизги маселе жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу экенин баса белгиледи.
Премьер-министр сел жүрүүчү каналдарды куруу зарылдыгын айтты, ӨКМ жергиликтүү бийликтер менен байланышта канал куруу долбоорлорун иштеп чыгуусу керек. Мындан тышкары, райондук мамадминистрация, жергиликтүү бийлик сел жүрчү каналдардын, арыктардын тазалыгын текшерип туруусу зарыл.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов жеңилдетилген кредит берүү долбооруна калк тарабынан нааразычылыктар айтылып жатканын белгилеп, бул маселени талдап чыгуу үчүн Өкмөт Аппаратынын башчысынын орун басары Айгуль Рыскулова жетектеген жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү