
2012-жылдын 21-январында “Манас” кинотеатрында “Алмаз” аттуу документалдуу кинотасма көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн катарында КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов, Өкмөт мүчөлөрү үй-бүлөлөрү менен болушту.
Фильмдин соңунда режиссер Эльнура Осмоналиева Премьер-министрге жергиликтүү кионоискусствого көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз бул фильм аркылуу жарандарыбызды, өзгөчө – жаштарыбызды кыйынчылыктарга баш бербей, алдыга койгон максаттарына жетүүгө аракет кылууга чакыралы дегенбиз. Бүгүн бул жерге Өкмөт мүчөлөрү да үй-бүлөлөрү менен бирге келип отургандыгына ыраазычылык билдирп койгум келет. Сиздер жакшы үлгү көрсөтүп жатасыздар деп эсептейм жана бул жакшынакай салт болуп калыптанып калат го деген үмүттөмүн”, - деди Э.Осмоналиева. Ошондой эле ал Премьер-министрден фильмден алган таасирлери туурасында ой бөлүшүүсүн өтүндү.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул фильм чыныгы турмушту даана көрсөтүп бере алгандыгы менен ага чоң таасир бергендигин белгиледи.
“Мен бул фильмге министрлерди, ведомстволордун жетекчилерин атайын чакырган элем. Көпчүлүк жарандарыбыз ушул Алмаздай болуп базарларда иштеп, кечкисин окуп, англис тилин өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат. Келгиле, биргелешип өлкөбүздү өнүктүрөлү, элибиздин турмушун жакшырталы, ошондо Кыргызстан Алмаз кыялданган өлкөгө айланат”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр Кыргызстан күчтүү, гүлдөп-өнүккөн өлкө болсо деп кыялданган жана ушул максат үчүн иштөөгө даяр болгон жаш, таланттуу жаштарга ар тараптан жардам берүүгө чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]