17
Февраль
2012
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жакында Грузияга барып келген депутаттардын тобун, журналисттерди кабыл алды. Жолугушууда Грузиянын мамлекеттин бардык чөйрөсүндө реформа жүргүзүү боюнча тажрыйбасы негизги тема катары талкууга алынды.
Жолугушууну ачып жатып, Өмүрбек Бабанов Өкмөт өлкөдө кардиналдуу реформа жүргүзүүгө белсенгендигин белгиледи.
“Сиздер жакында Грузияга барып, ал жерде ийгиликтүү ишке ашырылган реформалардын жыйынтыктары менен жакындан таанышып келдиңиздер. Мен сиздер менен реформалоонун грузиялык тажрыйбасы туурасында пикир алмашып, сунуштар болсо, талкуулайлы деп турам. Биздин кардиналдуу реформа жасоого каалообуз да, саясий эркибиз да бар. Бул багытта айрым иштер аткарылып жатат. Реформалар ийгиликтүү болушу үчүн бийликтин бардык бутактары бир нукта иштеши керек. Өкмөттүн айрым демилгелери боюнча чечимдер парламентте кечиктирилип жатат. Мисалы, визалык режимди жана техникалык кароону алып салуу боюнча сунуштар парламентте карала элек”, - деди Ө.Бабанов.
Депутат Өмүрбек Абдрахманов парламентте демократиялык альянс түзүлүп, ага көптөгөн депутаттар Өкмөттүн демилгелерин колдоо жана реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышына кол кабыш кылуу максатында кошулуп жатышкандыгын белгиледи.
“Биздин катарыбызды толуктоону каалагандар аз эмес. Бул ишибиз парламенттик фракциянын саясатына каршы келбейт. Биз реформаларды алга жылдыруу үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына көмөк көрсөтөбүз. Өкмөттүн элдин жашоосун жакшыртууга болгон иш-аракеттерине биз тараптан толук колдоо көрсөтүлөт”, - деди ал.
Жолугушуу учурунда депутаттар сапардан алган таасирлери менен бөлүшүп, Грузиянын реформалоо боюнча тажрыйбасы туурасында сөз кылышты жана Грузияда ийгиликтүу ишке ашырылган айрым демилгелерди Кыргызстанда да ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизишти.
Депутаттар ошондой эле Укук коргоо органдарын реформалоо боюнча концепция иштелип чыккандыгын жана ал жакын арада парламенттин кароосуна коюла тургандыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Реформалар боюнча кеңешти түзүү боюнча сунушту колдоого алды. Кеңештин курамына Өкмөт башчысы, демократиялык альянстын депутаттары, пресса өкүлдөрү кире турган болду.
Жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Өмүрбек Абдрахманов, Данияр Тербишалиев, Замир Алымбеков, Алла Измалкова, Курманбек Дыйканбаев, Назарали Арипов, Нурбек Алимбеков, Улукбек Кочкоров катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү