16
Февраль
2012
Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборуна (КТБ) алдын-ала пландаштырбай туруп, барып келди.
Өкмөт башчысынын кайсы жакка кандай максат менен бара тургандыгы белгисиз болгондуктан, Премьер-министрдин журналисттер отурган микроавтобуска кирип келиши пресса өкүлдөрү үчүн күтүүсүз болду. Ал эми КТБнын ишин күтүүсүз жерден текшерүү үчүн бараткандыгы жолдо айтылды.
КТБга келээри менен Өкмөт башчысы кезекте турган жарандарга барып, кайсы документтерди алганы жаткандыгына, буга канча убакыт корой тургандыгына байланышкан суроолорду берди.
Жарандар үч негизги проблема боюнча нааразычылыктарын айтышты. Алардын сөзүнө караганда, документтерди алуу үчүн кезекке туруу көп убакытты алат, КТБнын имараты коомдук транспорт өткөн жерден алыс жайгашкан, ошондой эле КТБнын сурап-билүү кызматы абдан начар иштейт. Кээде документтердин даяр-даяр эмес экендигин билүү үчүн эле бир күндүк
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов МКК төрагасы Эмилбек Алиевге шаардын башка эки районунда да эки КТБ ачууну тапшырды. Алардын имараты коомдук транспорттун аялдамасына жакын жайгашышы керек. Мэрия азыркы КТБнын жанынан өтө турган маршрутту ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүсү зарыл. Ошондой эле КТБнын сурап-билүү кызматынын ишин жакшыртуу боюнча да чаралар көрүлүшү керек.
Өкмөт башчысы кыска мөөнөттүн ичинде КТБ кызматкерлери штаттык формалар жана аты-жөнү, кызматы жазылган бейжиктер менен камсыздалышы керектигин эскертти. Андан тышкары, даттануулар жана сунуштар китепчеси ачылып, ведомствонун жетекчилиги ага жазылган арыздар менен таанышып, тиешелүү жыйынтык чыгарып туруусу зарыл.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов “мында коррупциялык көрүнүштөргө кабылган жоксуздарбы?” деген суроосуна “жок” деген жоопту алгандыгына ыраазы экендигин айтты.
«Жарандарыбыз көтөрүп жаткан проблемаларды чечсе болот. Кезектин көптүгүн кошумча түрдө дагы эки КТБ ачуу менен чечебиз. Мында алардын имараттары коомдук транспорт өтө турган жерге жайгаштырылат. Ошондой эле КТБнын ишин эл документтерди толтурууга бир сааттан ашык убакыт коротпогондой кылып уюштуруу керек. Мамлекеттик органдар элге кызмат көрсөтүүдө эң мыктылардын катарында болушу керек”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчысы шаарда дагы эки КТБны ачып, алардын ишин тиешелүү деңгээлде уюштуруу МККнын жакында эле дайындалган төрагасы Эмилбек Алиевдин ишинин натыйжалуулугунун критерийлеринин бири болуп кала тургандыгын белгиледи. Андан тышкары, арыздарды берүү жана алардын аткарылышы туурасында маалымат алуу иши да автоматташтырылышы керек. Анын ичинде маалыматты Интернет аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү да каралышы зарыл.
Паспортторду даярдоо маселеси боюнча жакын арада тендер өткөрүлүп, ага катышуунун шарты катары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасы белгилене тургандыгы айтылды.
Өмүрбек Бабанов элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарга ушунтип күтүүсүздөн текшерүү менен барууну салтка айландырууга ниети бар экендигин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү