
2012-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Катардын Премьер-министринин Атайын өкүлү, “Катар Холдинг” компаниясынын башкаруучу директору Ахмад Мухаммад Аль Сайед жетектеген Катар Мамлекетинин делегациясын кабыл алды.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Катардан келген делегация эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана келечектүү инвестициялык долбоорлорду талкуулашты.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстан дүйнөгө экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүнүн жана табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун мыкты мисалын көрсөтүп жаткан Катар өлкөсү менен кызматташтыгын арттыруу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин айтты.
Ахмад Мухаммад Аль Сайед өз кезегинде жылуу маанайда кабыл алынып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирип, бул – Катардын делегациясынын Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапары экендигин айтты. Ал ошондой эле Премьер-министр Шейха Хамад Бин Джасем Аль Танинин Премьер-министр Өмүрбек Бабановду Катарга расмий иш сапары менен каалаган учурунда келип кетүүгө чакырган катын тапшырды.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Катардын Эмири менен 2009-жылы жолуккандыгын айтып, Катарга расмий иш сапары менен барууга болгон сунушту ыраазычылык менен кабыл ала тургандыгын белгиледи.
“Кыргызстан олуттуу гидроэнергетикалык, табигый жана минералдык ресурстарга ээ. Катарга эки тараптуу кызматташтык үчүн ыңгайлуу аянтча болуп бере турган инвестициялык фонд түзүүну сунуш кылабыз”, - деди Ө.Бабанов.
Инвестициялык долбоорлорду талкуулоо учурунда тараптар уставдык капиталы 100 миллион доллардан кем болбогон биргелешкен Кыргыз-Катар инвестициялык фондун түзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.
Тараптар ошондой эле туризм, авиация, тоо-кен тармагы жана энергетика жаатында иш-аракеттерди активдештирүү керектигин белгилешти.
Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын экологиялык жактан таза азык-түлүктү өндүрүү боюнча кенен мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи. Катардын Премьер-министринин Атайын өкүлү бул жааттагы алаканы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
“Жакын арада Сиздин өлкөңүзгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана инвестициялык долбоорлорду тыкыр изилдөө максатында “Катар Холдинг” компаниясынын өкүлдөрүнөн турган атайын топ жиберилет”, - деди ал.
Жолугушуунун соңунда тараптар Катардын расмий делегациясынын ушул алгачкы иш сапары эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө жаңы импульс берип, алаканы жогорку деңгээлге көтөрө тургандыгына ишене тургандыгын белгилешти.
Кийинки күнү Премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Катардын делегациясы КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушту.
Жолугушуу учурунда Ахмад Мухаммад Аль Сайед мырза Кыргызстанда расмий иш сапары менен болгон алгачкы өкүл экендигин белгиледи.
“Кечээ биз Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мырза менен кызматташуунун маанилүү маселелерин, анын ичинде бир катар конкреттүү экономикалык долбоорлорду талкууладык. Чынын айтсам, биз Премьер-министр мырзага бир долбоорду сунуштайлы дегенбиз, бирок, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн чоң потенциал бар экендиги аныкталды. Бизде талкуулоо үчүн көп долбоорлор боло тургандыгына ишенем”, - деди ал.
Президент Алмазбек Атамбаев Ахмад Мухаммад Аль Сайедди колдоп, “биздин өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип жаткан күчтүү Премьер-министрибиз бар” деп белгиледи.
Жолугушуу учурунда өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө байланышкан бир катар маселелер кеңири талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]