18

Январь

2012

Өнүктүрүү түйүнүнүн өкүлчүлүгүнүн башчысы Ага Хан Фондун өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нуржахан Мавани айымды кабыл алды. Н.Мавани айым Өмүрбек Бабановду Премьер-министрлик кызматка расмий кириши менен куттуктап, ийгиликтерди каалап, мындан ары да Ага Хан Фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин билдирди.  Ошондой эле Н.Мавани айым Принц Ага Хандын  Өмүрбек Бабановду Премьер-министрдин кызматына тандалышы менен куттуктоосун тапшырды. Н.Мавани айым Ага Хан Фонду буга чейин ишке ашырылып келе жаткан долбоорлорду улантып, 2012-жылы баштала турган бир катар жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну баштай тургандыгын белгиледи. Алардын арасында Нарын шаарындагы аэропортту реконструкциялоо, республиканын телекоммуникация тармагын өнүктүрүү жана Нарындагы Борбордук Азия Университетинин курулушун аягына чыгаруу, Бишкек шаарында Ага Хан Академиясын куруу долбоорлору бар. Аталган фонддун өкүлдөрү Премьер-министр Өмүрбек Бабановго Нарын шаарынын аэропортунун реконструкциясынын долбоорун жана Нарындагы Борбордук Азия Университетинин архитектуралык планын көрсөтүп, айтып беришти. «Биз ушул жылдын апрель айынан тартып аэропортту реконструкциялоонун биринчи этабын иш жүзүнө ашыра баштамакчыбыз. Бул этап өзүнө аэропорттун айланасын тосуу жана заманбап аэронавигациялык жабдууларды орнотууну камтыйт. Ал эми экинчи этапта аэропорттун учактар учуучу жолун узартуу маселеси каралат. Жалпысынан алганда аэропортту жаңылоого 45 млн. АКШ доллары сарпталмакчы”, - деп маалымдады Ага Хан Фондунун экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча регионалдык башчысы Карим Ходжа. Н.Мавани айымдын билдиришинче, Ага Хан Фонду Тажикистандын жана Афганистандын  телекоммуникация тармагында ийгиликтүү иштерди алып барууда. Ушундай эле ийгиликтерге Кыргызстанда дагы жетишсе болот, деп ишендирип кетти Н.Мавани. Академия тууралуу сөз кылып жатып, ал мектеп-пансион сындуу боло тургандыгы жана анда мектеп жашына чейинки жана мектеп жашындагы балдар эл аралык бакалавриат программасынын негизинде билим ала тургандыгы айтылды. Мындай билим берүү системасы балдардын эл аралык стандартка жооп бере турган билим алуусуна жол ача тургандыгы белгиленди. Ошондой эле жакынкы күндөрү Ага Хан Фонду менен Билим берүү жана илим министрилигин ортосунда Кыргызстандын бардык мектептеринде кыргыз жана орус тилдеринде плюрализм жана толеранттуулук тууралуу китептерди таратуу жөнүндө келишимге кол коюлмакчы. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Фонддун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип, кыргызстандык фермерлерге жеңилдетилген микрокредиттерди берүү маселесин карап көрүүнү сунуштады. Өкмөт башчы ЮСАИД уюумунун колдоосу менен ар бир облуста бирден үрөндү жана чарбачылыкты өнүктүрүү долбоорлору иш жүзүнө ашырылуу алдында экендигин маалымдап, Ага Хан Фондусун буга колдоо көрсөтүүгө чакырды. Өкмөт тарабынан жогоруда айтылган инфраструктура, билим, айыл чарба тармактарын колдоого арналган долбоорлорду толугу менен жана өз убагында иш жүзүнө ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүлө тургандыгын Премьер-министр Өмүрбек Бабанов баса белгиледи.   КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү