27

Январь

2012

2012-жылдын 26-январында кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен айымды кабыл алды. Маек учурунда тараптар АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бир күн мурун Өкмөттүн отурумунда бекитилген КР Өкмөтүнүн “100 күндүк” Иш-аракеттер планынын негизги багыттары туурасында кыскача маалымат берди. “Биз реформаларды жарандарыбыздын турмушунда реалдуу өзгөрүүлөр болушу үчүн чечкиндүү жүргүзүүгө ниеттенип жатабыз. Өкмөт республикалык бюджеттин долбоорун кабыл алды, ага мамлекеттик каражаттарды чыгымдоонун жаңы принциптери киргизилген. Биз алдыбызга амбициялуу милдеттерди коюп жатабыз, үч жылдан кийин бюджетибиз таңкыстыгы жок кабыл алынышына жетишели деп турабыз. Бул Иш-аракеттер планы максатыбызга жеткире турган жол картасы катары болуп берет”, - деди Ө. Бабанов. Экономика жаатындагы кызматташтыкка кайрылып, Өкмөт башчысы өлкөнүн экономикасына америкалык инвестициялардын тартылып келишин активдештире турган кыргыз-америкалык Инвестициялар фондун түзүүнү сунуштады. “Бул – капиталды тартып келүүгө байланышкан жакшы каржылык курал болуп калат. Ал америкалык ишкерлердин өлкөбүзгө келишине жол ачып, инвесторлордун кызыкчылыгын коргоочу кепилдик катары да чыга алмак”, - деди Ө.Бабанов. Өкмөт башчысы кыргыз-америкалык Экономикалык өнүгүү фондусунун алкагында (ЭӨФ) өлкөнүн ар бир облусунда үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын түзүү боюнча долбоорлорду иш жүзүнө ашыра баштоонун зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары, CASA 1000 долбоорун ишке ашыруунун зарылдыгы белгиленди. Ө.Бабанов ошондой эле маалыматтык жана автоматташтырылган системаларды ишке киргизүүнүн зарылдыгына көңүл бурду. «Бул – бүгүнкү күндүн талабы. Биринчи кезекте, электрондук байланыш, Интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү менен айыл өкмөттөрүбүздү камсыз кылышыбыз керек. Жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн кечки окутуп-үйрөтүүчү курстарды уюштурса болот”, - деп эсептейт Премьер-министр. Премьер-министр Элчинин көңүлүн Кыргызстандын кайрадан “Миң жылдыктын чакырыктары эсебине” катышууга болгон ниетине бурду. Андан тышкары, Ө.Бабанов туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ынтызарлыгын билдирди. Ошондой эле америкалык тараптын “Манас” аэропортун жаңылоо жана модернизациялоо иштерин аяктоо боюнча демилгесин колдой тургандыгын айтты. Өз кезегинде, П.Спратлен айым Ө.Бабановду АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү туурасында маалымдады. Ошондой эле февраль айынын башында АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземин өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын айтып, Премьер-министрди ушул аземге келип, катышып берүүсүн өтүндү. Элчи айым АКШнын Кыргызстан менен мындан ары да ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын бекемдеди. “Мен Кыргызстанда сөз эркиндиги, саясий партияларды, парламентаризм институтун өнүктүрүү жаатында жагымдуу шарттар түзүлүп жатат деп эсептейм”, - деди П.Спратлен айым.   Жолугушуу учурунда тараптар эл аралык турмуштун актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашышты. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү