10

Февраль

2012

Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Росагромаш” Ассоциациясынын Президенти Константин Бабкин жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушууга Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валентин Власов дагы катышты. Жолугушуу учурунда кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды, анын ичинде россиялык айыл чарба техникасын лизингдик негизде алып келүү маселесине басым жасалды. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстан россиялык инвестицияларга ачык экендигин жана өз ара пайдалуу болгон бардык жаатта кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи. “Биздин айылдык товар өндүрүүчүлөрүбүз салттуу түрдө россиялык айыл чарба техникасын пайдаланышат. Биз бул техниканы лизинг негизинде алууга кызыкдарбыз”, - деди Ө.Бабанов. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр “Агромаш” Ассоциациясы менен байланышты бекемдеп, россиялык айыл чарба техникасын алууга байланышкан маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү