27

Апрель

2012

Бүгүн, 27-апрелде, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Конгресс-холлунда” Кыргызстан-Россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын соода- сатык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 14-отуруму өтүп жатат. Кыргыз Өкмөттөр аралык комиссиясын Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, ал эми россия тарапты - Россиянын ФБК (ФТС) жетекчиси Андрей Белянинов жетектейт. Отурумдун расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов ачып, сүйлөгөн сөзүндө россиялык делегацияны кыргыз жергесине келиши менен куттуктап кетти. “Россия- биздин стратегиялык өнүктөшүбүз, бизди кылымдардан берки достугубуз, жалпы тарыхыбыз жана маданиятыбыз бириктирип турат. Кыргызстандын товар айланышынын үчтөн бир бөлүгү Россияга туура келет. Былтыркы болуп өткөн Өкмөт аралык отурумдан берки убакыт тагдыр чечээрлик маанигэ ээ болду. Президенттик шайлоо болуп өттү, каолициялык Өкмөт түзүлүп, чечкиндүү реформаларга багыт койду”,- деп белгиледи өз сөзүндө Ө.Бабанов. Өкмөт башчысы россия тарапка Кыргызстанга келген күйүүчү майларга коюлган кошумча төлөмдүн алынып салынышына ыраазычылык билдирди, анын негизинде 300 млн. доллардан ашык сумма үнөмдөлгөнүн баса белгиледи. “Отурумдун күн тартиби мазмундуу болуп, ага эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары камтылды жана да алардын чечилиши мындан аркы кызматташтыгыбыздын өнүгүүсүнө чоң таасир берет. Жетишилген келишимдерди жана макулдашууларды биз иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине ийгилик каалайм”,- деди Ө. Бабанов. Өкмөттөр аралык комиссиянын россия делегациясынын жетекчиси Андрей Бельянинов КР Премьер-министри Ө.Бабановго отурумга катышканы үчүн терең ыраазылык билдирди. “Биз үчүн сиздин отурумга катышып отургандыгыңыз - чоң сыймык. Кыргызстанда коомдук-саясий абал туруктуу, экономикалык өнүгүүдө да жылыштар байкалат. Россия Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты өркүндөтүүгө кызыкдар. Алгачкы даярдыктар эксперттер тарабынан жүргүзүлдү, талкууланган маселелер боюнча карама- каршылыктар жок. Биздин максат - коюлган суроолорду бүгүнкү күндүн талабына ылайык чечүү”,- деди ал. Ошондой эле А.Бельянинов Айкөл Манастын эстелиги Москва менен Бишкекте коюлушу символикалуу көрүнүш экендигин белгилеп, кыргыз элинин баатыр уулунун айкели анын туулган жери Алтайда да орнотулса деген оюн билдирди. Бул сунушту Премьер-министр Ө.Бабанов да колдоого алды. Ушул тапта отурум КР Биринчи-вице-премьер министри А.Карашевдин төрагалыгы астында улантылууда.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү