11
Январь
2012
Бүгүн, 10-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешмени ачып жатып, Премьер-министр мындан ары жума сайын милдеттүү түрдө ушундай кеңешмелер өткөрүлүп, аларда күнүмдүк маселелер жана коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо маселелери карала тургандыгын белгиледи.
"Биз экономикабызды өнүктүрүп, элдин бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн шарт түзүү максатында жарандардын коопсуздугун камсыздап, коррупцияга каршы күрөштү күчөтөбүз. Мен укук коргоо органдарынын бардык жетекчилерин проблема туурасында сөз кылуу менен чектелбестен, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштоого чакырам”, - деди Өмүрбек Бабанов.
Кеңешменин учурунда КР ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин, УКМКнын төрагасы Шамиль Атахановдун жана башка кеңешме катышуучуларынын өлкөдөгү абал туурасында докладдары угулду.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр проблемалуу маселелердин себептерин алардын кесепеттеринен так ажыратып кароонун зарылдыгын айтты.
«Кылмыштуулуктун, коррупциянын деңгээли элдин жашоо деңгээлине көбүнесе байланыштуу болот. Ошондуктан, биз мындай абалдын себептерин четтетүү боюнча комплекстүү чараларды көрүшүбүз керек. Жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары бул багытта биргелешип иш алпарганда гана жакшы натыйжаларга жетишсе болот”, - деди Премьер-министр.
Баткен облусунун Лейлек районунун Андарек айылында жана Чүй облусунун Жаңы Жер айылында болгон инциденттерге байланышкан маселеге өзгөчө көнүл бурулду.
Премьер-министр улуттар аралык жаңжал катары бааланып жаткан бул инциденттердин себептери тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөргө катуу чара колдонулушу зарыл экендигин баса белгиледи.
«Өлкөбүздүн жарандары, кайсы улуттан гана болбосун, кылымдар бою жанаша жашап, жакшы кошуналык мамиледе болуп, бирге эмгектенип, жамандык-жакшылыкты чогуу бөлүшүп келген. Ошондуктан, жөн-жай эле мындай жаңжал чыгып кетиши мүмкүн эмес. Бул инциденттерге өспүрүмдөрдүн ортосундагы мушташ себепчи болгон. Мен бул жерде мушташты чыгаргандарга өз убагында тиешелүү чара көрбөгөн укук коргоо органдарынын, ошондой эле бул маселеге өз учурунда көңүл бөлбөгөн жергиликтүү бийлик органдарынын иштеринде кемчилик бар деп эсептейм.
Буга байланыштуу Премьер-министр укук коргоо органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара байланышын бекемдеп, ар бир региондогу коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо маселелерин чечүү боюнча так планды иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле кеңешме учурунда Баткен облусундагы контрабандага бөгөт коюу жана оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын аткарылышынын жүрүшү туурасында маселелер да каралды.
Финансы полициясы кызматынын төрагасынын доклады угулгандан кийин Премьер-министр ушул жылдын 1-январынан тартып ишмердүүлүгүн токтотууга тийиш болгон оюн-зоок мекемелеринин иши токтотулгандыгын активдүү текшерүү иштери улантылышы керектигин айтты.
«Финансы полициясы кызматы мыйзамдын талаптарын аткарбай жаткан мындай оюн-зоок мекемелеринин техникалык жабдууларын алып коюшу керек”, - деп эсептейт Өкмөт башчысы.
Баткен облусундагы контрабандага бөгөт коюу маселесине кайрылып, Өмүрбек Бабанов Финансы полициясы кызматынын жана Чек ара кызматынын бул багыттагы биргелешкен ишин күчөтүп, контрабандага ишенимдүү бөгөт коюлушун талап кылды. Ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) кармалгандарга жана иши тергелип жаткандарга мыйзамсын чаралар колдонулбашы үчүн бардык тергөө изоляторлорун видеокамералар менен жабдууну тездетүүгө тапшырма берди. Мындан тышкары, Премьер-министр ЖАМК иши тергелип жаткандар менен камактагылардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берген атайын жабдуулар менен камсыздоо иштеринин тез арада аягына чыгарылышын талап кылды.