29
Март
2012
2012-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Коомдук телерадиокорпорацияга (КТРК) интервью берди.
Россия Федерациясынын энергетика министри Сергей Шматко жетектеген россиялык делегация менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы туурасында суроого жооп берип жатып, Өкмөт башчысы энергетика тармагы боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын бардык пункттары кайра каралып чыгып, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын так пландары иштелип чыккандыгын баса белгиледи.
“Талкуулоонун жыйынтыгында позитивдүү чечимдерге жетиштик. Кыргызстанга учурда күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) бажы төлөмдөрүсүз жеткирилүүдө. Бул бизде бензин арзан экендигин билдирет. Энергетика министрлиги үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин керектелинүүчү көлөмдүн индикативдик планын бекитмекчи. Бул көлөм 2011-жылда пайдаланылган көлөмдү, ага кошумча экономиканын өсүшү 7 пайызга жеткирилиши керектигин эске алуу менен аныкталат”, - деди Ө.Бабанов.
Гидроэнергетикалык долбоорлор боюнча маселеге кайрылып, Премьер-министр Россия тарап 10-апрелге чейин ТЭК качан жүргүзүлөөрү, объектилер качан курула баштаары так көрсөтүлгөн иш-чаралар планын бере тургандыгын айтты.
“Ушул планга негизденүү менен кийинчерээк макулдашууларга өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Макулдашуулардын кайсы бир пункту аткарылбай калса, бул тараптарга келишимдерди бузууга укук берет. 10-апрелден кийин биз коомчулукту жыйынтыктар тууралуу кабарлайбыз”, - деди Ө.Бабанов.
Кар көчкүлөрүнүн кесепеттерин жоюу жөнүндө суроого жооп берип жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов көчкүдөн курман болгондордун бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
“Каза тапкандардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтамын. Премьер-министрдин резервдик фондунан алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолу берилүүчү 50 миң сомдук жардам көрсөтүлөт. Тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди”, - деди Ө.Бабанов.
Калың түшкөн кардын жана узакка созулган кыштын кесепетинен жабыркаган республиканын алыскы райондорунун жашоочуларына жардам берүү чаралары жөнүндө айтып жатып, Ө.Бабанов ӨКМ жана Коргоо министрлигинин автоунаалары ал райондорго тоюттун жектирилиши үчүн колдонулуп жаткандыгын айтты.
Чаткал районуна 5863 таңгак чөп жана 18 тонна арпа, Чон-Алай районуна – 8014 таңгак чөп жана 351 тонна комбикорм жеткирилгендиги айтылды. Бул жүктү ташып баруу үчүн Каржылоо министрлиги өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана жоюу үчүн ӨКМге 3 млн. 541 миң 380 сом бөлүп берди.
2012-жылдын 23-26-мартында Чоң-Алай районуна 1076 таңгак чөп жана 39 тонна аралаш тоют, Токтогул районуна – 948 таңгак чөп жеткирилди. Кошумча түрдө 1810 таңгак чөп жана 30 тонна аралаш тоют жеткирилмекчи. Бардыгы болуп 53 техника пайдаланылууда.
“Тоюттарды унаа менен жеткирүү Өкмөттүн эсебинен жүргүзүлүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жетектеген координациялык штаб түзүлгөн. Калкка тоют сатып алуу үчүн мүмкүндүк түзүп берип жатабыз. Ошондой эле жабыркаган райондорго ун жеткирилип берилет, ал аз камсыздалган үй-бүлөлөргө бекер таратылып берилет. Жабыркаган райондордун жашоочуларын колдоо максатында алдын-ала эки айлык пенсия менен жөлөкпулдар таратылып берилди”, - деди О.Бабанов.
Аткаруу бийлиги оппозиция менен баарлашууга даярбы деген суроого жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов аткаруу бийлиги диалогго дайыма даяр экендигин, буга чейин эле оппозицияныны лидерлери менен бир катар жолугушууларды өткөргөндүгүн белгиледи.
“Мен Адахан Мадумаров менен да, Камчыбек Ташиев менен да жолугушууларды өткөрдүм. Биз оппозиция койгон талаптарды талкуулап чыктык. Шаардык кеңешке шайлоонун ачык-айкын өтүшү боюнча пикирлерибиз келишти. Жалпысынан алганда, шайлоо демократиялык түрдө өттү. Эми бир гана Кыргызстанда эмес, бардык эле жерде шайлоо таптаза өтпөйт, аны баарыбыз билебиз. Ошто шайлоо тынч, таза өттү, эки гана участокто кайра шайлоо боло тургандыгы айтылды, буга бардык катышкан тараптар макул болушту. Бардык маселелер боюнча БШК чечимдерин кабыл алып жатат, анын ишине эч ким кийлигишкен жок. Июнь окуялары үчүн жана АУБ боюнча жоопкерчиликке тартуу талабы боюнча Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаев түзгөн атайын комиссия иликтөө иштерин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу анын корутундусун күтөлү деп сунуштадым”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр оппозиция эмне үчүн Өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып жаткандыгын, аткаруу бийлигинин кайсы ишине канааттанбай жаткандыгын сураганын айтты.
“Алар жалпы Өкмөттүн ишине нараазычылык жок экендигин, бирок кээ бир министрлер элдин кыжырын келтирип жаткандыгын айтышты. Мен ошол министрлердин тизмесин бергиле, биз эмне үчүн алар элдин нааразычылыгын жаратып жаткандыгын аныктап, анан чечим кабыл алалы дедим”, - деди Ө.Бабанов.
1993-жылдагы Конституцияга кайтып келүү талабы боюнча, деп сөзүн улады Ө.Бабанов, учурдагы Конституция бүгүнкү күндүн жашоо шартына ылайык келбегенине ынануу үчүн белгилүү бир убакыт керек экендигин айттым.
“Биз бардык маселелерди кеңейтилген форматта талкуулоого макулдаштык. Балким, оппозиция тарабынан беш, аткаруу бийлиги тарабынан беш адамдын катышуусу менен өткөрөбүз. Биз сүйлөшүүлөргө, диалогго дайыма даярбыз. Албетте, пикир келишпестиктер болушу мүмкүн, бирок алар тирешүү менен эмес, диалог жолу менен чечилиши керек. Өлкөбүздү бардыгыбыз биргелешип өнүктүрүшүбүз керек”, - деди Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү