02
Апрель
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Владимир Путинге 2012-жылдын 2-апрелинде Тюмендин алдында болгон авиакырсыкка байланыштуу көңүл айткан телеграмма жөнөттү.
Телеграммада мындай деп айтылган:
“Бүгүн Тюмен шаарынын алдында авиакырсык болуп, көптөгөн адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына чын дилимден көңүл айтам, ошондой эле жабыр тарткандар тез арада айыгып кетишин каалайм”.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү