07
Февраль
2012
Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги астында Өкмөттүн “Жетиштүү кредиттер-2” долбоорун реализациялоо боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйындын катышуучулары Өкмөт башчысын аталган долбоордун иш жүзүнө кандайча ашырылып жаткандыгы тууралуу маалымат беришти.
Өкмөт башчысы жеңилдетилген кредиттерди ушул айдан баштап бере баштоону талап кылды. Ошол эле мезгилде кредиттөө адилеттүү квота принциби менен бөлүнүшү керектиги баса белгиленди.
Мындан сырткары, Премьер-министр жер семирткичтерди жер-жерлерге жеткирүү боюнча тендерлердин ачык жана таза өткөрүүсүн талап кылды.
“Тендер өткөрүү тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттатарында кеңири чагылдырылышы керек”, - деди Өмүрбек Бабанов.
Өкмөт башчы айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаевге Баткен облусуна жумушчу сапары менен барып, жазгы талаа жумуштары кандай даярдыкта жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу билип, көйгөйлөр болсо чечип келүүнү тапшырды.
Ө. Бабанов жыйындын катышуучуларынын көңүлүн күйүүчү майдын дыйкандарга төмөн баада сатуунун механизмдерин иштеп чыгууга бурду.
“Өкмөт айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында күйүүчү майларды төмөн баада реализациялайт. Күйүүчү майлар менен даректүү камсыз кылуу механизмин иштеп чыгуу керек”, - деди Өкмөт башчы. Мындан сырткары, Премьер-министр бир жуманын ичинде тоолуу аймактарда жашагандардын өткөн жылы карыз бойдон калып калган компенсацияларын төлөп берүүнү тапшырды.
Жыйын учурунда Баткен облусунун инфраструктурасынын негизгилеринин бири болгон айланып өтүүчү жолдорду жакшыртуу маселеси көтөрүлдү. Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов бул жолду жакшыртууга 380 млн. каралгандыгын маалымдады. Ошондой эле министр ушул жылдын 9-февралында Бишкек-Баткен авиа рейсин SAAB (Бразилия) учагы аркылуу каттам ачыла тургандыгын айтты.
Премьер-министр Өмурбек Бабанов Баткен шаарынын аэропортун реконструкциялоо маселеси боюнча кылдат изилдеп чыгып, толук маалымат берүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү