14

Январь

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Баткен облусундагы Андарак айылында болгон инциденттин себептерин аныкташ үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Алик Мамыркулов аткарылган иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын ичинде ИИМ, УКМК, Чек ара кызматы жана прокуратуранын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында инцидентке тиешеси бар адамдар аныкталып, УКЖга (ИВС) камалып,  бирок учурда эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тил кат берип бошотулушкандыгы белгиленди. Үч ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, эл менен, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Инцидентке чекит коюлду, айылдагы абал тынч. Ошол эле учурда мындай окуяларды болтурбоо үчүн бир катар маселелерди тез арада чечүү зарыл. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мындай инциденттерди болтурбоо үчүн курч социалдык-экономикалык проблемаларды жоюу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүнүн зарылдыгын, ошондой эле бул чараларды өз убагында көрбөгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин кароонун зарылдыгын  баса белгиледи. “Кооптуу жагдайлар жаралып жаткандыгы туурасында маалыматка өз убагында көңүл буруп, алдын алуучу чара көрүүгө тийиш болгон ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги каралат. Бийликтин жергиликтүү органдарынын жана укук коргоо органдарынын мындай инцидентти болтурбоо жана аларга өз убагында чара көрүү боюнча макулдашылган иш-аракеттеринин деталдуу планы иштелип чыгышы керек. Түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү зарыл”, - деп баса белгиледи Премьер-министр Ө.Бабанов. Ошондой эле Премьер-министр ушул инцидент менен байланышкан чыңалууну тез арада жоюу боюнча милдеттерин талаптагыдай аткарган адамдарды сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады.