20
Март
2012
Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелерине арналган селектордук кеңешме өткөрдү.
Кеңешмени ачып жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кеңешменин күн тартибин белгиледи жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери карала тургандыгын белгиледи.
Өкмөт башчысы кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.
“Жылдын башынан тартып жолдорубузда 45 жолу кар көчкү жүрдү. Тилекке каршы, адам курмандыктары да болду. Алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн бардык чараларды көрүү керек, анын ичинде 50 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө Өкмөттүн буйругун даярдоо зарыл. Андан тышкары, ӨКМ Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте үйү кар көчкүнүн алдында калган Нура айылынын тургуну А.Жумашевге жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүсү керек”, - деди Ө.Бабанов.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун докладынан кийин Премьер-министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнүн зарылдыгына көңүл бурду. Министр К.Бороновго кайрылып, “Чокуларда топтолгон карды атып түшүрүү иштери натыйжалуу жүргүзүлүшү керек. 15 күндүн ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларга өзгөртүүлөдү киргизүу зарыл”, - деп талап кылды Премьер-министр.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана уюлдук байланыш операторлору менен бирдикте, көчкү коркунучу болгон жерлердин опурталдуулугу тууралуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, жалпыга маалымоо каражаттары жана уюлдук байланыш операторлору аркылуу Кыргыз Республикасынын калкына көчкү коркунучу жөнүндө маалыматты такай берип турууну, ошондой эле республиканын автожолдорунда кар көчкүнү түшүрүү боюнча алдын-ала иштерди күчөтүүнү тапшырды.
Республиканын алыскы райондорунда тоюттун жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу Премьер-министр региондордун тоютка жана КММге болгон керектөөлөрүн аныктоону тапшырды.
«Бул жардамдын даректүүлүгүн камсыздай турган механизмдерди иштеп чыгуу керек. Өкмөт муктаж болгондорго тоют жеткирүүгө көмөк көрсөтөт”, - деди Ө.Бабанов.
КР Транспорт жана коммуникация министрлигине көчкү коркунучу бар алыскы райондорду япондук грант каражатынын эсебинен жол куруу техникасы менен камсыз кылуу, көчкү жүрүү коркунучу болгон өзгөчө участокторго инженердик курулмаларды орнотуу боюнча, зарыл болгон каржылоо каражаттардын эсебин бир ай ичинде тактап, сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин билдирүүсү боюнча 2012-жылы кар көп жаагандыгын жана жазында жаан-чачын көп боло тургандыгын, ал эми жайында нөшөрлүү жамгырлардын болушу күтүлүп жаткандыгын айткан Премьер-министр апрель-июнь айларында кар-мөңгүлөр эрип, жер көчкү, суу каптоо процесстери жылдагыдан көбүрөөк болушу мүмкүндүгүн, республиканын бардык аймактарында жер катмарындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлүп жаткандыгын эскертти. Ошондой эле министрликтер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сел агымдарын жана суу ташкындарын коркунучсуз нукка салуу чараларын тездетүү керектигин баса белгиледи.
Саламаттык сактоо министрлигине өзгөчө кырдаал пайда болгондо зарыл болгон күчтөрдү жана медициналык кызматты даяр абалга келтирүү, медициналык каражаттардын жана дарылардын резервин түзүү тапшырылды. Каржы министрлигине жер көчкү, сел жана суу каптоого байланыштуу келип чыккан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча биринчи кезектеги каржылоо зарылчылыгын камсыз кылуу, республикалык бюджетте каралган каражаттардын 60-70 пайызга чейинкисин калыбына келтирүү жана кырсыктарды жоюу иштерине бөлүү тапшырылды.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине дарыя, суу жээктерин бекемдөө иши менен сел агызып өтө турган канал-арыктардын ичин тазалоо иштери өз убагында бүтүрүү, дарыялардын, сел агызчу каналдардын жана сайлардын нуктары изилденип, абалына так байкоо жүргүзүү, кабар берүү жана байланыш системасын өзгөчө кырдаалдар коркунучу жөнүндө калкка өз убагында кечиктирбей кабарлоо үчүн даяр абалда кармап туруу боюнча чара көрүү, жээктерди тез арада оңдоо, бекемдөө жана селден тазалоо иштерине аймактардагы күчтөрдү жана каражаттарды даяр абалда кармап туруу, өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон күйүүчү майлардын, жабдуулардын жана курулуш материалдардын запастарын камдоо, өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюу иштерин аткаруу үчүн куткаруучулардын жергиликтүү, ыктыярдуу топторун даяр абалга келтирүү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү