03
Апрель
2012
Бүгүн, 3-апрелде, “Эркин Тоо” гезитинин редакциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун катышуусу менен “түз байланыш” болду.
Эки саат ичинде Өкмөт башчы телефон аркылуу окурмандар менен маектешип, алардын пенсия, жөлөкпул, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары, райондук, облустук гезиттердин абалы, айыл чарба кредиттери, коррупцияга жана криминалга каршы күрөшүү, микрокаржылоо, сот системасын реформалоо, ипотека, оппозиция менен болгон мамилелер жана башка суроолоруна жооп берди.
Телефон чалгандардын айрымдары Ө.Бабановдун жеке кабыл алуусун суранышты. Премьер-министр аларга Өкмөттүн Аппаратынын жарандардын кайрылуулары боюнча бөлүм башчысы Жайылбек Дадиевдин телефонун берип, качан жана кайсы убакта кабыл ала тургандыгын тактап алуу керектигин айтты.
Окурмандар Өмүрбек Бабанов жетектеген Өкмөттүн экономиканы жана элдин жашоо шартын көтөрүү үчүн жасап жаткан аракеттерин колдоорун айтышты.
Казинолорду жабуу тууралуу суроого жооп берип жатып, Ө.Бабанов эгер кайсы бир жерде жашыруун казинолор иштеп жаткандыгы белгилүү боло турган болсо, анын жетекчилери мыйзам чегинде жоокерчиликке тартылаарын билдирди.
“Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда бир дагы казино иштебеш керек. Мен жабылган казинолордун жашыруун иштеп жатышын текшерүү тууралуу тийиштүү тапшырма берем”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов.
Чалгандардын айрымдары айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилип жаткан жеңилдетилген 7 пайыздык кредиттин суммасынын көбөйтүлүшүн өтүнүштү. Өкмөт башчысы Кыргызстандын эгемендүү тарыхында биринчи жолу 7 пайыздык кредит берилип жаткандыгын айтты.
“Мындай кредиттерди берүүнү партиябыздын программасына киргизгенибизде бизге эч ким ишенген эмес. Былтыры жеңилдетилген кредиттер 9 пайыздан берилди. Быйыл болсо жеңилдетилген кредиттерди 2 млрд. сом өлчөмүндө 7 пайыз менен берип жатабыз. Мындан ары бул сумманын көлөмү дагы жогорулайт”, - деди Ө.Бабанов.
Өкмөттүн 100 күндүк иш пландарынын аткарылышына Премьер-министр “жакшы” деген баа берди.
“Албетте эң жакшы аткарсак болмок, бирок көп жумуш жасалганын моюнга алуу керек. Жакынкы убакта иш пландын ар бир пункту боюнча отчет беребиз”, - деди Ө.Бабанов.
Эмне үчүн Премьер-министр кирешеси жөнүндөгү декларацияга айлык акыны гана көрсөткөндүгү тууралуу суроого Өмүрбек Бабанов бул менин өткөн жылдагы негизги кирешем деп жооп берди.
“Мыйзамга ылайык, мен коммерциялык уюмду башкара албайм жана ишкерчилик менен алектенгенге укугум жок. Өткөн жылы биздин үй-бүлө 13 млн. сом иштеп тапкан. Менин жумушумдан алган айлыгым 856 миң сом болду. Жубайым болсо 12 млн. сом тапты. Мен декларацияга алган айлыгымды көрсөттүм”, - деди Ө.Бабанов. Ошондой эле ал бир дагы жакын тууганы мурдагы бийликтегилердей болуп мамлекеттик кызматта иштешпейт, кадрлар саясатына жана бизнеске аралашпайт деп кошумчалады.
Президент Алмазбек Атамбаев менен болгон мамиле тууралуу суроого жооп берип жатып, Өмүрбек Бабанов мамлекет башчысы менен иштешүү абдан жеңил жана ыңгайлуу экендигин айтты.
“Акыркы убактарда Алмазбек Шаршенович менен болгон мамилебизди бузгусу келгендер көп болуп жатат. Ар түрдүү арамзалыктар, ушактар жана болжолдоолор пайда болууда. Мен так жана даана айтып коёюн, Президент менен чогуу бир багытта демократиялык принциптерди бекемдөө, коррупция жана уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн инвестиция тартуу тармактарында иш алып барып жатабыз. Биз бири бирибизди жакшы түшүнөбүз”, - деди Ө.Бабанов.
Оппозициянын талаптары тууралуу суроого жооп берип жатып, Премьер-министр аткаруу бийлиги ар дайым конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин айтты.
“Мен оппозициянын жетекчилери менен жолуктум. Өкмөттөн 5 киши жана оппозиция тараптан 5 киши болуп тегерек үстөлгө отуруп, маселелерди талкуулайбыз деп келишкенбиз. Мен 3 жылга митингдерге мораторий жарыялоо тууралуу сунуш жасадым. Албетте, эгер кандайдыр бир маанилүү себептер болуп калбаса. Биз конструктивдик сүйлөшүүлөргө даярбыз. 3 ай иштеген Өкмөттүн отставкасын талап кылуу туура эмес деп ойлойм”, - деди Ө.Бабанов.
МАИ кызматынын коштоп жүрүүсүнөн баш тарткандан кийин жумушка кечикпей эле келип жатасызбы деген суроого Ө.Бабанов мындай артыкчылык шарттан пайдаланууну өткөн замандын калдыгы катары санай тургандыгын белгиледи.
“Мен жумушка эрте келем жана кечинде көчөдө машинелер азайып калганда кетем. Ошондуктан, мага МАИ кызматынын коштоосу зарыл деле эмес. Башкалар жарандар деле иштеп жүрөт, алар деле жумушка кечикпей эле келип жатпайбы, туурабы? Менин оюмча, мындай артыкчылык шарттан пайдалануу өткөн замандын калдыгы болуп саналат”, - деди Ө.Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү