
Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди кабыл алды.
Жолугушуу учурунда З.Рысалиев ички иштер министрлигинин коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди. Анын ичинде акыркы мезгилде коррупция боюнча 57 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
“6 кылмыш иши Өкмөттүн Коррупцияга каршы сайты аркылуу кайрылуулардын негизинде ачылды. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жарандардын активдүүлүгү артып жаткандыгын белгилеп коюу керек, бизге ишеним телефондоруна, Коррупцияга каршы сайт аркылуу кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө. Биз козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз”, - деди З.Рысалиев.
Министр жакын арада ИИМдин ишеним телефондору көрсөтүлгөн рекламалык жарнактар шаар боюнча илине тургандыгын маалымдады.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов укук коргоо органдары менен жарандардын өз ара байланышынын механизмдерин жакшыртуунун зарылдыгын белгиледи.
“Бир дагы кайрылуу көңүлдөн чет калбашы керек. Элге көрүлгөн чаралар боюнча жыйынтыктар жөнүндө сөзсүз түрдө маалымат берилиши зарыл. Биз Коррупцияга каршы сайттын мүмкүнчүлүктөрүн колубуздан келишинче пайдаланып, элдин укук коргоо органдары менен байланышын арттырышыбыз керек. Бул багыттагы так жана натыйжалуу иш элдин бийликке болгон ишенимин жогорулатат, рефоормалардын ийгилигине көмөкчү болот”, - деди Ө.Бабанов.
Маалымдама:
КР Өкмөтүнүн Коррупцияга каршы сайты
www.anticorr.gov.kg азыркы тапта жакшыртылып жатат. Сунуштарыңыздар болсо
nur@mail.gov.kg дарегине жөнөтсөңүздөр болот.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү