
Күн тартибиндеги экинчи маселени кароо учурунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов буга чейин жазгы талаа иштерине даярдыкка байланышкан маселелер жаз айларынын башында гана каралып келгендигин, быйыл болсо алдын ала эртерээк каралып жаткандыгын белгиледи.
Ошондой эле Өкмөт башчысы зарыл болгон өлчөмдө үрөндү, дизель майын жана минералдык жер семирткичтерди даярдап коюунун зарылдыгын белгиледи.
“Өкмөт бул жаатта колдон келген жардамын аябайт. 2011-жылы “Кайыңды-Кант” ААКсынын кант кызылчасынын тоннасын сатып алуусунун баасын 2300дөн 3200 сомго чейин көтөрдүк”, - деди Ө.Бабанов.
Андан тышкары, Премьер-министр жазгы талаа иштерин өткөрүүдө кыйынчылыктарды жарата турган айрым факторлорго токтолду.
«Аба-ырайынна байланыштуу былтыр 100 мин гектар айдоо аянты пайдаланылбай калган. Аларды компенсациялоо үчүн быйыл көбүрөөк аракет жана ресурстар талап кылынат”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр 3,5 миң тонна дизель майын фермерлерге арзандатылган баа менен бериш керектигин да белгиледи.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаев маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, 2012-жылы буудайдын айдоо аянты 29 миң гектарга кыскарып, бирок жүгөрүнүн аянты 10,5 миң гектарга, кант кызылчасыныкы 3,2 миң гектарга көбөйтүлө тургандыгын, ошондой эле арпанын, тамекинин аянттары да көбөйтүлө тургандыгын айтты. Андан тышкары, пайдаланылбаган жерлердин аянты азайтылмакчы. Ал эми айыл чарба техникаларынын даярдыгы 50-60% түзөт.
Жыйынтыктап жатып, Премьер-министр – 1 млрд.сомдун айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдик менен кредит катары бериле тургандыгына байланыштуу айыл чарба жана мелиорация министрлигине кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн кайсы райондо өстүрүү натыйжалуу болоорлугун аныктоону тапшырды.
Ошондой эле Өкмөт башчысы «РСК» и «Айыл банкка» сертификаттары бар үрөн чарбаларынын тизмесин берүүнү тапшырды.
Андан тышкары, Ө. Бабанов нефтебазаларда жазгы талаа иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү үчүн зарыл болгон запасын камдап коюунун зарылдыгын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында токтомдун долбоору кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү