01
Май
2012
Бүгүн, 30-апрелде, КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жакында Грузияда болуп келген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобун кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө депутаттар Грузиянын реформа жүргүзүү тажрыйбасы тууралуу айтып беришти жана өлкөбүздөгү Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды алга жылдырууга жардам берет деп эсептеген бир катар сунуштарын айтышты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, реформалар өз максатына жетүүсү үчүн коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу зарыл жана ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүндө рынок механизми түзүлүшү үчүн зарыл шарттарды түзүү керек.
Өкмөт башчысы менен жолугушууга КР ЖК депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Эркингүл Иманкожоева, Абдумуталиб Кочкорбаев, Роза Акназарова, Исмаил Исаков, Туратбек Мадылбеков, Ташболот Балтабаев, Надира Нарматовалар катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү