10

Март

2012

Бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маек учурунда Премьер-министрдин 2012-жылдын 21-22-февралында Казакстанга болгон иш сапарынын учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга байланышкан бир катар маселелер талкууланды. Тараптар кыргыз-казак Инвестициялык фондусун ишке киргизүүнүн укуктук аспектисин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Андан тышкары, “Кичи-капка” жана “Каркыра” өткөрүү пункттарын кайрадан ишке киргизүү маселесин ушул жылдын апрель айына белгиленген Өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна чейин чечүү мүмкүнчүлүгү каралды. Өкмөт башчылары сүт азыктарын чыгаруучу ишканалар үчүн казак тараптан бардык чектөөлөр алынып салынгандыгына байланыштуу Кыргызстан менен Казакстандын айыл чарба министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты артыруунун зарылдыгын белгилешти. Ө.Бабанов менен К.Масимов Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагында 90 күн бою кайрадан каттоодон өтпөстөн жүрүү укугун берүү боюнча макулдашууларды укуктук жактан бекемдөөнүн зарылдыгына көңүл бурушту. Андан тышкары, Кыргызстандын түштүгүндө Президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен курула турган заманбап мектептин курулушуна байланышкан маселенин тегерегинде да сөз болду. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана арттыруу боюнча да пикир алышуу болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү