07
Март
2012
Бүгүн, 6-мартта, Катарга болгон расмий иш сапарынын алкагында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Катарга эмгек ресурстарын тартып келүү менен алектенген “Салатик” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда кыргызстандык адистердин Катарга барып иштөөсүнө байланышкан маселе талкууланды. Бул жерде техникалык адистерге, ошондой эле тейлөө жана коммуникация жаатындагы адистерге суроо-талап бар экендигин белгиленди.
Компаниянын жетекчилиги кыргызстандык адистерди ишке орноштурууга даяр экендиги айтылып, Катардагы эмгек рыногунун көлөмү бир нече миң адистерди камтый тургандыгы белгиленди.
Жолугушуунун соңунда Кыргызстанда Катарда иштегиси келген адистерди окутуп-үйрөтүүчү борбор ачуу жөнүндо чечим кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү