17
Апрель
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Башкы директору Вень Ган мырза жетектеген Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча кытайлык корпорациянын (CRBC) өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушуу учурунда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча долбоорго байланышкан маселелер талкууланды.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын баса белгиледи.
“Темир жолдун курулушунун өлкөбүз үчүн мааниси зор. Сиздин компанияңыздын бул долбоорго катышууга ынтызарлыгы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачып, бул долбоор боюнча буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашырылып баштагандыгын айгинелейт”, - деди Ө.Бабанов.
Башкы директор Вень Ган мырза CRBC жолдорду курууда чоң тажрыйбасы бар экендигин белгиледи. Ошондой эле компаниянын ТЭН (ТЭО) өткөрүүгө инвестиция салууга жана жалпы долбоорду ишке ашырууга инвестицияларды тартууга даяр экендигин айтты.
Тараптар темир жол магистралын курууну тездетүүгө багытталган бир катар маселелерди да талкуулашты. КР Транспорт жана коммуникация министрлиги менен CRBC ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюла тургандыгы пландаштырылууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү