06

Февраль

2012

Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык кеңешмесине катышты. Кеңешменин күн тартибинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салыктык карыздарды азайтуунун зарылдыгы жана салыктык башкарууну жакшыртууга байланышкан маселелер каралды. Премьер-министр Ө.Бабанов өз сөзүндө, бул жылы МСКнын алдында мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн 37млрд. 700 млн. сомдук салык чогултуу милдети тургандыгын белгиледи. “Мамлекеттик салык кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө баа берүүдөгү негизги критерийлердин бири –  бул бюджеттин киреше планын өз убагында аткарылышы. Коюлган планды өз убагында аткарган ведомство жетекчилери  гана өз кызматында каларын дагы бир ирээт эскертип кетким келет”, - деди Өмүрбек Бабанов. Өкмөт башчы салыктык карыздарды азайтуу боюнча канааттандырарлык эмес жыйынтык көрсөткөн жетекчилерге тартиптик чара көрүүнү талап кылды. МСКнын жетекчиси Кубан Абдалиев аларга катуу сөгүш берилерин билдирди. “Мен бул сунушту колдойм. Жетекчилердин ээлеген кызматына татыктуу экендиги  биринчи кварталдын жыйынтыгына ылайык, иш көрсөткүчтөрүнүн натыйжасы аркылуу караларын эскерте кетем”, - деп белгиледи Өмүрбек Бабанов. Премьер-министр мамлекеттик кызматкерлерге эмгекке жараксыздыгы тууралуу жалган берилип жаткан күбөлүк кагазын токтотууну талап кылып, эмгек тартибин сактоо зарылдыгына көңүл бурду. “Бүгүнкү коллегиялык кеңешмеге катышпаган жетекчилер түшүнүк кат жазуулары керек. Мен мамлекеттик кызматкерлерге эмгекке жараксыздыгы тууралуу жалган берилип жаткан күбөлүк кагаздарды кылдат изилдеп чыгууну Каржы полициясына тапшырам. Мындай тажрыйбаны токтотуп, эмгек тартибин сактоого жана ирээтке салууга мезгил келип жетти”, - деди Өмүрбек Бабанов. Премьер-министр бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга эле эмес, салыктык карыздарды азайтууга да өзгөчө көңүл буруларын айтып, бул алардын ишине баа берүүдөгү негизги критерийлердин бири экендигин баса белгиледи. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы МСКнын төрагасы Кубан Абдалиевге алкоголь тармагына уруксат кагаз берүү жана текшерүү иштерин МСКанын көзөмөлүнө өткөрүү боюнча  КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдап келүүгө эки күндүк мөөнөт берди. “Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу алкагында алкоголь тармагына уруксат кагаз берүү жана текшерүү иштерин МСКанын көзөмөлүнө өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Алынган чечимдин тууралыгы сиздердин ишиңиздердин жыйынтыгында билинет. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги менен биргелешип КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдап келүүгө эки күндүк мөөнөт берилет”, – деди Өмүрбек Бабанов. Өкмөт башчы отургандарга кайрылып МСКнын ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи. “Бюджеттин таасирдүү бөлүгү салык төлөмдөрүнөн куралат. Ушуну эске алуу менен оптимизациялоо алкагында биз салык инспекциясынын штаттык бирдиктерин кыскарткан жокпуз. Сиздердин араңыздарда мамлекеттик кызматта коррупцияга аралашпай таза иштеген адамдар бар экендигине ишенем. Сиздерди салык системасында пайда болуучу коррупцияларга ачыктан-ачык каршы чыгып берүүңүздөргө чакырам. Сиздердин билдирүүңүздөрдү жана фактыларыңыздарды калтыруу үчүн бизде Коррупцияга каршы сайт бар. Келген ар бир маалымат көзөмөлгө алынып, чаралар колдонулат. Мындан тышкары, ведомстводо билинген паракорчулук менен коррупцияга каршы ачык пикирин билдире турган кызматкерлерди жеке кабыл алууга даярмын”, – деп баса белгиледи Өмүрбек Бабанов. Аны менен бирге Өкмөт башчы МСКнын ар бир салык инспекциясында салык төлөөчүлөргө ар дайым кеңеш берип туруучу атайын кызматкерлерди аныктоо тапшырмасын берди. Премьер-министр сөзүн аяктап жатып, коллегиялык кеңешмени жаңыча уюштуруу ишин сунуш кылды. “Коллегияда иштин жетишпеген жактарын эле карабай, жакшы көрсөткүчтөрдү, ийгиликтерди да айтуу керек. Мыкты кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалап, сыйлык берүү зарыл”, – деди Өмүрбек Бабанов.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү