27
Январь
2012
Бүгүн, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Талас областына жумушчу сапары менен барды.
Өкмөт башчысы адегенде Талас районунун Көк-Кашат айылында жайгашкан А.Огонбаев атындагы орто мектебинде болду.
Бул мектепке мурда Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен 10 компьютер берилген.
Ө.Бабанов 11-класстын окуучуларына информатика сабагы өтүп жаткан компьютердик класста болду. Окуучулар менен баарлашып жатып, Премьер-министр информатика боюнча сабактардын жумасына канча жолу болоорун, компьютердик сабаттуулукту өздөштүрүүнүн деңгээлине кызыкты.
“Азыркы жаңы технологиялар кылымыбызда дайыма технологиялар жаатындагы билимибизди өркүндөтүп турушубуз керек. Силер – биздин келечегибизсиңер, ошондуктан, сапаттуу билим алууңар абдан маанилүү. Бул жерде күндүз окуучулар окуса, кечкисин жергиликтүү жашоочулар үчүн компьютердик курстарды уюштурса болот”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр облустун губернатору Койсун Курманалиевага облустагы бардык мектептерде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү тапшырды.
“Республиканын бардык мектептеринде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болуш керек. Жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттик салмактуу көмөк көрсөтүлүп жатат, алар көйгөйлүү маселелерди чечүүгө шарт түзөт. Ошондой эле информатика сабагын окуткан мугалимдердин айлык акыларын көтөрүү керек”, - деди Ө.Бабанов.
Губернатор Койсун Курманалиеванын айтуусу боюнча, азыркы учурда облустагы орто мектептердин 60 пайызында Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн . “Айыл округдарынын башчыларынын алдына 2 айдын ичинде областын бардык мектептеринде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча милдеттер коюлган. Бул менен бирге айыл өкмөттөрдө да Интернетке кирүү мүмкүндүгүн түзүү боюнча иштер жүрүп жатат”, - деп маалымдады К. Курманалиева.
Андан кийин Премьер-министр биринчи класстын окуучулары үчүн өтүп жаткан “Мекен таануу” сабагында болду. Өкмөт башчы окуучулар менен сүйлөшүп, алардын билимдин адамдын турмушундагы мааниси жөнүндө пикирлерине кызыкты.
“Силер - биздин келечегибизсиңер. Силердин ар тараптуу өнүгүшүңөр жана сапаттуу билим алышыңар үчүн биз колубудна келген шарттарды түзүп беришибиз керек. Ийгиликке жетиш үчүн сапаттуу билим алыш керек эмеспи”, - деп айтты Ө.Бабанов.
Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт иштеп чыккан республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп берсе, 320 орундук орто мектептин имараты салынаары тууралу билдирди. Азыркы учурда 60 жыл мурун салынган мектептин акыбалы авариялык деп таанылган.
Андан соң Ө.Бабанов мектептин жанында Премьер-министр менен жолугушуу үчүн чогулган айылдын тургундары менен сүйлөштү. Өкмөт башчы Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо” деген программасы жана “100 күндүк” Өкмөттүн иш Планы тууралу кыскача айтып берди. Ошондой эле ал жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, алардын сунуштары менен каалоолорун укту.
Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушуп, бир катар социалдык жана өндүрүш объектилерине баруусу күтүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү