15
Май
2012
Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги астында КР Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү.
Күн тартибинде төрт маселе каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралында кабыл алынган “Мамлекеттик аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүү иш алып баруу боюнча” токтомунун жүзөгө ашырылышы;
2. “Чыгышэлектро” ААК электр эсептегичтерине алдын-ала төлөнүүчү карталарды орнотуу долбоору;
3. 2013-2015-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө;
4. Ар кандай маселелер.
Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда каралчу маселенин ар бири инвестициялык климатты жакшыртууга жана мамлекеттин жарандардын алдындагы социалдык милдеттерин камсыздаганга тиешелүү экендигин айтты.
Өкмөт башчысы Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк рейтингдерде акыркы орундарда турарына көңүл бөлдү. 2011-жылдын жыйынтыгында эркин экономикалык индекси боюнча Кыргыз Республикасы 121-орундан 126- орунга түшкөн. Бизнести жеңил алып баруу (Doing Business) рейтинги боюнча 2009-жылы эле 41-орунду болсок, эми 70-орундабыз.
Премьер-министр укук коргоо органдарын реформалоо чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, бул маселеге 2012-жылдын экинчи кварталында өзгөчө көңүл бурула тургандыгын айтты. ИИМ функциялары коомдун коопсуздугун камсыздоого гана багытталат. Участкалык же башка милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо зарылчылыгынан башка учурда соода түйүндөрүнө кирип алардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө тыюу салынат.
Бардык жаза өтөө мекемелеринде мобилдик байланыштар алынып, накталай акча жүгүртүү ишине тыюу салынат. Жарандардын жана туристердин чек-ара пункттарынан өтүү убактысы 5 мүнөттөн ашпайт. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен УКМК биргелешип, экономиканын бардык секторундагы коррупциялык схемалардын алдын-алышы керек.
“Биз коррупциянын жыйынтыгы менен күрөшпөй, коррупциянын түйүлчөгүн түп-тамырынан бери жок кылышыбыз керек”- деп баса белгиледи Ө. Бабанов.
Өкмөт башчысы өспүрүмдөргө болгон жыныстык кол тийбестикти коргоого өзгөчө көңүл бөлдү. Ички иштер министрлигине балдарга жана өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар менен күрөшүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырылды. Юстиция министрлигине, ИИМге педофилия үчүн жазаны катаалдатуу, керек болсо мындай кылмышкерлерди стерилизациялоону караган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдун талкуусуна коюу тапшырылды.
Ички иштер министрлигине, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, начар жашаган үй-бүлөлөрдүн абалдарын тактоону жана зарылдыгына жараша аларга белгилүү бир социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү тапшырылды.
Премьер-министр эс алуу жайларынын кыскарып баратканына көңүл бөлүп, вице-премьер-министр Гүлнара Асымбековага бир айлык мөөнөттө учурдагы “Ата-Түрк” эс алуу жайынын тегерегиндеги маселени карап, парктын чек арасынын өзгөрүлүшүн аныктоону тапшырды.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев сөз сүйлөп, өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу иштеринин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи жана отурумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди. Талкуунун жыйынтыгында токтомдун долбоору кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү