20
Апрель
2012
Бүгүн, 20-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Өмүрбек Бабановго айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун жаңы ыкмасы жана гранттык каражатка сатылып алынган жаңы техниканын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Премьер-министр жергиликтүү дыйкандар менен баарлашып, жазгы талаа жумуштарынын актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле алардын суроолоруна жооп берди.
Өкмөт башчысы Өкмөттүн бир миллиард сомду 7 пайыздык үстөгү менен жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жеңилдетилген кредит катары берүү туурасында чечим кабыл алгандыгын да маалымдады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү