21
Апрель
2012
Бүгүн, 20-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Бүргөндү айыл округундагы Майлуу-Суу дарыясындагы плотинанын абалы менен таанышты.
Өкмөт башчысына бул плотина 1972-жылы ишке киргизилгендиги, өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 100 кубометрди түзө тургандыгы айтылды. Плотинанын кемчилиги – авариялык суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралбаганында болуп саналат.
Премьер-министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бул маселени чечүүнүн бир нече вариантын иштеп чыгып, Өкмөттүн кароосуна киргизүүнү сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү