19

Апрель

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Баткен облусуна болгон иш сапарынын учурунда Кара-Бак айылдык округундагы жүрүп жаткан жазгы талаа иштери менен таанышты. Жазгы талаа иштеринин алкагында жасалган иш-аракеттер  боюнча Өкмөт башчысына Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, айылдык округ боюнча 25 түтүкчө  бар болсо, алардын 5 гана иштейт. Саздак жерлерди кургатуу жана жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган иш-чаралар  1998-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Ошонун натыйжасында жергиликтүү жашоочулардын турак-жайына зыян алып келүүдө. Андан соң Премьер-министр Жаңы-Жер айылындагы Р-4 каналынын абалы менен таанышып чыкты. Райондун акиминин  айтуусунда, каналдын узундугу 12 км ашат. Бирок,  Кара-Бак  жана Дара айылдык округундагы 1 миңге жакын жерлерди сугат суусу камсыз кылуу үчүн каналды дагы 4км 200 метрге кеңейтүү керек, кеңейтилгенден кийин суунун өткөрүү мүкүнчүлүгү секундасына 3 кубметрге чейин болмоктугун маалымдады. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө иш алпаруу керектигин айтып, Премьер-министр Ө.Бабанов бул маселени чечүүнүн бир нече варианттарын Өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапщырды. Андан соң Өкмөт башчысы мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү “Ак-Чечек” ишканасында болуп, ал жердеги иштин жүрүшү менен таанышып, ишкананын жамааты менен баарлашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү