20
Апрель
2012
Бүгүн, 20-апрелде, Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя дарыясынын оң жээгинде жайгашкан №20 дамбанын абалын барып көрдү.
Өкмөт башчысына 1994-жылдан бери бир нече ирет Кара-Дарыя дарыясынан суу ашып-ташып, жээгинен чыгып, сел жүргөндөн улам 1200 га сугат жерлери жараксыз болуп калгандыгы маалымдалды. Аталган дамбанын курулушуна 156 млн. сом талап кылынаарын айтышкан жергиликтүу жашоочулар Ө.Бабановдон каржылоо маселесин чечип берүүсүн өтүнүштү. Премьер-министр этап-этабы менен каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү убада кылды.
Андан соң Ө.Бабанов А.Юнусов атындагы үрөнчүлүк чарбасында болду. Аталган чарба ушул жылы 147 га аянтка пахта, 5 га аянтка күздүк буудай эккен. Чарбанын директору Л.Юнусовдун сөзүнө караганда, бул жерде 343 аз камсыздалган үй-бүлө эмгектенет. Ал Өкмөткө 5 тонна солярканы литрин 34 сомдон арзандатылган баада сатып алганга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр бул иш сапарынын негизги максаты – облустагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшу менен жеринде таанышуу экендигин белгиледи. Агрардык тармак өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана Өкмөт айылдык товар өндүрүүчүлөргө сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө колдоо көрсөтмөкчү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү