09
Март
2012
Бүгүн, 9-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов республиканын укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешме учурунда Премьер-министр ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин, УКМК төрагасы Шамил Атахановдун, ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары Кубанычбек Кененбаевдин соттолгон Акмат Бакиевди издөө жана камакка алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында
Өкмөт башчысы №35 колониянын башчысы Илимбек Самсалиевди тергөө иштери бүткөнчө кызматтан четтетүүнү тапшырып, ошондой эле а на время проведения следственных мероприятий, а также подчеркнул, ЖАМК жетекчилиги да, кызматкерлери да өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасагандыгы үчүн жоопко тартылышы керектигин баса белгиледи.
Андан тышкары, ЖАМК, ИИМ жана УКМКга А.Бакиевди кармоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү жана ЖАМК кызматкерлеринин А.Бакиевдин качып кетүүсүнө жагымдуу шарт түзүүгө катыштыгы бар же жок экендигин иликтөө жүргүзүү тапшырылды.
Кеңешме учурунда Ө.Бабанов ИИМдин Жол-кайгуул кызматы (ЖКК) системасындагы паракорчулукка байланышкан маселеге да көңүл бурду. Өкмөт башчысы ИИМдин ЖКК кызматкерлери айдоочуларга орой мамиле жасап, мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жаткандыгы, анын ичинде паракорчулук кеңири кулач жайып жаткандыгы туурасында жарандардан көп сандаган арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.
Премьер-министр кыска мөөнөттүн ичинде мындай терс көрүнүштөрдөн арылуу жана паракорчулукка бөгөт коюу боюнча кардиналдуу чараларды көрүп, жыйынтыктары туурасында маалымдоону тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү