18

Январь

2012

Бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен салттуу жумалык кеңешме өткөрдү. Кеңешменин башталышында Премьер-министр күн тартибинин негизги суроолорун белгилеп, №1 тергөө изоляторунда болгон окуя, өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралу жана оюн-зоок мекемелеринин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын аткарылышынын жүрүшү туурасында маалымат берүүнү сунуштады. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча ЖАМК төрагасы Шейшенбек Байзаковдун маалыматы угулду. Анын сөзүнө караганда, инцидент 16-январда №1 тергөө изоляторундагылар пландаштырылган тинтүүгө жана камактагылардын бирин башка изоляторго которууга каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу болгон. Ошондой эле иши тергелип жаткан Нурбек Алымбаев, алгачкы маалыматтарга караганда, айрым ЖМКларда айтылгандай инцидент учурунда күч колдонуудан эмес, жүрөгү кармап, каза болгондугу белгиленди. Бул боюнча акыркы чечим соттук медициналык эксперттердин тыянагынан кийин чыгарылат. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Н.Алымбаевдин өлүмүнүн себептерин тыкыр иликтөөнүн зарылдыгын белгиледи. Ушул маселе талкууланып жаткан учурда ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ЖАМК тарабынан да кемчиликтер кеткендигин белгиледи. «Мен ЖАМКтын кечээги иш-чаралары жакшылап уюштурулган эмес деп эсептейм. Ведомстволор аралык тергөө тобун түзүп, инциденттин уюштуруучуларын аныктап, мындай окуялар кайталанбашы үчүн аларды мыйзам чегинде катуу жазага тартуу зарыл”, - деди З.Рысалиев. Премьер-министр бул сунушту колдоп, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өз ара байланышын күчөтүүнү талап кылды. «Тез арада бардык түзөтүү жайларын жана тергөө изоляторлорун уюлдук байланыш телефондорунан пайдаланууга бөгөт коюучу атайын жабдуулар менен камсыздоо керек. Ошондой эле тергөө изоляторлорун видеобайкоо жүргүзүүчү камералар менен да камсыздоо зарыл”, - деди Ө.Бабанов. Өкмөт башчысы Ш.Байзаковдон бардык түзөтүү жайларында жана тергөө изоляторлорунда бекем тартип орнотулушун талап кылды. Андан соң Премьер-министр өлкөдөгү коомдук-саясий абал туурасында ички иштер министри З.Рысалиевдин, УКМК төрагасы Шамиль Атахановдун жана башка кеңешменин катышуучуларынын маалыматын укту. Лейлек районунун Андарак айылындагы инциденттин кесепеттерин талкуулоо учурунда З.Рысалиев бул жерге милиция бөлумүнүн ачылышынын зарылдыгын белгилеп, Өкмөт башчысынан аталган бөлүмдү транспорт каражаты менен камсыздоо боюнча маселени чечип берүүнү өтүндү. Премьер-министр министрдин сунушун колдоп, бул маселени чечүүгө убада берди. Андан сырткары, Өкмөт башчысы укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн координациялоо планын кайрадан иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле З.Рысалиевге МАИ кызматкерлерине жеке автомашинасын пайдалануу менен иштөөгө уруксат берген буйрукту жокко чыгаруу тапшырылды. Премьер-министр андан соң Финансы полициясы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мурат Жакыпбаевдин оюн-зоок мекемелеринин ишине тыюу салган мыйзамдын аткарылышы туурасында маалыматын укту. М.Жакыпбаев Кыргызстандагы бардык оюн-зоок мекемелери жабылгандыгын белгилеп, бирок, алардын имараттарынын тышкы жасалгалары толугу менен алынбагандыктан улам алар ишин улантып жатат деген пикир жаралып жаткандыгын айтты. Буга байланыштуу Ө.Бабанов оюн-зоок мекемелерине тиешелүү рекламалык көрнөктөрдү алып салуу боюнча тиешелүү токтомдун долбоорун сунуштоону тапшырды. Кеңешмеге УКМК төрагасы Шамил Атаханов, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ЖАМК төрагасы Шейшенбек Байзаков ж.б.катышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү

[gallery link="file" order="DESC"]