
Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди жана КР каржы министри Акылбек Жапаровду чакырып, 2012-жылдын 1-февралында Россиянын Чебаркүл шаарында болгон жана андан кыргызстандыктар жабыркаган жол кырсыгына байланыштуу маселеге көңүл бөлдү. Жолугушуу учурунда бардык жабыркагандар Чебаркүл шаарынын ооруканасына жеткирилгендиги, микроавтобустун жүргүнчүлөрүнүн өздүгү такталып, туугандарына маалымат берилгендиги белгиленди.
Премьер-министр тышкы иштер министрине жабыркагандарга жардам берип, колдоо көрсөтүү, ошондой эле каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү маселесин жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды.
“Бул жол кырсыгы чоң трагедияга алып келди. Эки жараныбыздан ажырадык. Мен алардын жакындарына жана тууган-туушкандарына көңүл айтам. ТИМге Чебаркүл шаарынын ооруканаларындагы жабыркаган жарандарыбызга ар тараптан колдоо көрсөтүп, жардам берүүнү тапшырам. Ошондой эле каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө байланышкан маселелерди чечүү керек. Андан тышкары, ТИМ бул окуянын калыс иликтенишин көзөмөлгө алышы керек”, - деди Ө.Бабанов.
Ошондой эле Өкмөт башчысы каржы министри Акылбек Жапаровго жабыркагандарга колдоо көрсөтүүгө жана каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө байланышкан бардык каржы маселелерин чечүүнү тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]