
Бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жумалык жумушчу кеңешме өткөрүп, анда жыл башынан берки убакытта республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттарга, ошондой эле бюджеттин долбоорундагы корголгон беренелерди каржылоого байланышкан маселелер каралды.
Кеңешме учурунда 2012-жылдын өткөн январь айында 468 млн.сомдук чыгымдар каржылангандыгы белгиленди. 2012-жылдын 16-январына карата республикалык бюджетке 629,8 млн.сомдук салык жана төлөмдөр келип түшкөн, бажы төлөмдөрү 662,7 млн.сом өлчөмүндө камсыздалган, ал эми Социалдык фондуга төлөмдөр 650 млн.сомду түзгөн.
Ошондой эле жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү иштерин каржылоо маселелери каралды.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Өкмөт башчысы Социалдык фонддун төрагасына пенсиялардын көлөмүн жашоо үчүн зарыл болгон минимумга чейин жеткирүү боюнча сунуштарды жана эсептөөлөрдү берүүнү тапшырды.
Ал эми каржы министрине 2012-жылга карата бюджеттин долбоорун бардык министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуудан өткөрүү тапшырылды. Бул долбоор жакын арада өзүнчө кеңешмеде каралмакчы.
Кеңешмеге КР Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев, КР вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев, КР каржы министри Акылбек Жапаров, КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, КР Социалдык фондусунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев, КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун директору Марат Аманкулов, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын бир катар бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
[gallery link="file" order="DESC"]