26

Январь

2012

2012-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов күч органдарынын жетекчилери жана саламаттыкты сактоо министрин катышуусу менен акыркы убакта жаза өтүүчү жайларда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жыйын өткөрдү. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков Өкмөт башчысына жаза өтүүчү жайлардагы акыркы кырдаалга байланыштуу толук маалымат берди. Ал эми саламаттык сактоо министри Динара Сагимбаева жаза өтүүчү жайлардын өздөрүнүн медициналык пункттары бар экендигине карабастан, камакта отургандарга медициналык жардам керек болсо, тез жардам бригадасы жардам көрсөтүүго даяр экендигин белгиледи. Жыйындын соңунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаза өтөө тармагындагы кырдаалды иликтөө үчүн биргелешкен ыкчам-иликтөө тобун түзүүнү тапшырды. Ошондой эле Премьер-министр күч органдарынын жетекчилерине тез арада пенитенциардык системада стабилдүүлүктү орнотууну тапшырды. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү