27

Февраль

2012

Бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов республиканын укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилерин кабыл алып, алар менен коррупцияга каршы күрөшүү маселесин талкуулады. Премьер-министр Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында эл менен бир катар жолугушууларды өткөргөндүгүн айтты. “Эл Бишкек менен Ош шаарларынын аэропортторундагы ИИМ, Чегара жана Бажы кызматтарынын кызматкерлеринин арасында пара алуу, коррупция көүнүштөрү азайбай жаткандыгын ачык эле айтып жатат. Бекем тартипти орнотуу үчүн катаал чараларды көрүү керек”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов жана аталган түзүмдөрдүн жетекчилерине он күндүн ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда иштеген кызматкерлерин башка жерде кызмат кылууга жөнөтүп, ордуна башка кызматкерлерди дайындоону тапшырды. Эгерде жаңы курам бир айдын ичинде пара алуу, коррупция боюнча сезилээрлик жыйынтыктарды көрсөтө албаса бул кызматкерлер жумуштан бошотулат. Премьер-министр ар бир ведомстводо кеңешме өткөрүп, бул кабыл алынган чечимдин маани-маңызын түшүндүрүүнү тапшырды.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү