15

Май

2012

Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов жетектеген КР Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Күн тартибинин экинчи маселеси “Чыгышэлектро” ААК электр эсептегичтерине коюлуучу алдын-ала төлөм карталарын орнотуу долбоору” боюнча Өкмөт башчысы бул көйгөйлүү маселе энергетика тармагына  тийиштүү экендигин айтты. Бул тармакта мурдагы бийлик кезинде түзүлгөн коррупциялык схемалар дале иштеп жатат, ошол себептен ортомчулук кызматын көрсөтүп, калкка электр энергиясын сатып жаткан компаниялардын лицензиясын кайтарып алуу керек, деп айтты Премьер-министр. “Чыгышэлектро” ААК аудиторлук текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй,  ортомчулук менен шугулданган компаниялардын айынан 66 млн.сом жоготкон. Өкмөт башчысы энергетика жана өнөр жай министрлигине ортомчулук кылган компаниялардын лицензиясын кайтарып алуу боюнча сунуш киргизүүнү дайындады. Талкуунун жыйынтыгында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге ушул жылдын 25-майына чейин Өкмөттүн кароосуна тийиштүү долбоорду сунуштоону дайындады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык саясат бөлүмү