23
Март
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы боюнча КР Социалдык фонду республиканын Кара-Кулжа, Чоң-Алай жана Чаткал райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына 2 айлык пенсия менен жөлөкпулдарын алдын-ала таратып бүттү. Бул туурасында Өкмөт башчысына бүгүн, 23-мартта, өткөрүлгөн кеңешме учурунда маалымдалды.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов республиканын алыскы райондорундагы кар көп жаап, кыш мезгилинин узарып кеткендигинен улам малга тоюттун жетишсиз болуп жаткандыгына байланышкан оор абалга көңүл бурду.
Түзүлгөн абалды эске алуу менен Өмүрбек Бабанов бир катар алыскы райондордун айрым айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына 2 айлык пенсия менен жөлөкпулдарын алдын-ала берүүнү тапшырды.
Өкмөт башчысы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна 1000 тонна майдаланган жүгөрүнү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн таап, ал эми ӨКМ аны тоютка муктаж болгондорго жеткирип берүүсүн тапшырды.
Өмүрбек Бабанов ошондой эле арпаны себүү аянтын көбөйтүүнүн зарылдыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү