06

Март

2012

2012-жылдын 5-мартында Катарга болгон расмий сапарынын алкагында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Доха шаарындагы ислам искусствосу музейинде болду. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов музейдеги экспонаттар менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин эстеликке жазып калтырды. Ошондой эле Премьер-министр шаардык ипподромдо болуп, ал жерде кыргыз делегациясынын мүчөлөрү ат оюндары үчүн жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышып, асыл тукум жылкылар өстүрүлгөн жерди көрүштү.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү