22
Март
2012
2012-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Нура айылында болду жана Ош-Сары-Таш-Иркештам трассасындагы тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов түшкөн вертолет Ош-Сары-Таш-Иркештам трассасынын жүк ташуучу машинелер топтолуп калган жерине келип конду.
Ө.Бабанов трассаны кардан тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты жана айдоочулар менен маектешти. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Өкмөт башчысына автожолдун ар кайсы участокторунда кардын көп жаашынан жана кар көчкүлөрдүн көп болушунан улам келип чыгып жаткан кыйынчылыктар туурасында айтып берди.
Андан соң Өмүрбек Бабанов Алай районунун Нура айылында болуп, кар көчкүнүн алдында калган үйдүн ээсине жолукту. Премьер-министр жана өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү каза болгон кыздын ата-энесине көңүл айтып, куран окутушту жана материалдык жардам көрсөтүштү. Ө.Бабанов үйдү Өкмөттүн эсебинен коопсуз жерде калыбына келтирүүнү тапшырды.
Нура айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда бир катар проблемалар козголду, анын ичинде кыштын өтө созулуп кеткендигине байланыштуу малга тоюттун жетишсиз болуп жаткандыгы айтылды. Премьер-министр Өкмөттүн эсебинен өлкөнүн башка облустарынан тоют жеткирүу иштери аткарыла тургандыгын маалымдады. Өкмөт башчысы ошондой эле Өкмөткө жаңы курулган үйлөрдү жаңы ээлерине каттоо иштерин тездетүүнү тапшырды.
Жашоочулардын фельдшердик амбулатория пунктун кеңейтүү өтүнүчү боюнча Өмүрбек Бабанов ФАПты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү жана кошумча медициналык жабдуулар менен камсыздоону тапшырды.
Айылдын тургундары Өмүрбек Бабановго Нура айылынын борбордон абдан алыс жайгашкандыгына, убактысынын тардыгына карабастан Нооруз майрамы күнү эл менен жолукканына ыраазычылыктарын билдиришти.
Айылдын бир жашоочусу Премьер-министрге ушул күнү неберелүү болгондугун айтып, кубанычын бөлүштү. Өмүрбек Бабанов ымыркайдын ата-энесин өзү барып куттуктап, наристеге ден-соолук, өмүр тилей тургандыгын айтты.
Айыл жашоочулары ошондой эле Ө.Бабановдун вице-премьер-министр кезинде жер титирөөдөн жапа чеккен үйлөрдү калыбына келтирүү жана жаңыдан курууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы Өкмөттүн мүчөлөрүнүн Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн арналган иштерине ийгилик каалашты.
Премьер-министр отурган вертолет менен Нура айылынын жашоочусу - оор абалдагы аял да Ош шаарына жөнөтүлүп, аэропортто күтүп турган тез жардам машинесине өткөрүлүп берилди.
Ушул эле күнү Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Бишкекке кайтып келди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]