
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Мады башкармалыгынын Кыргыз-Чек айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы аймактык ооруканага барды.
Аталган ооруканада Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Ремонт иштерине 24 млн. сом каралган, анын ичинен 13 млн. сому курулуш иштерине сарпталган. Медициналык кызматкерлер менен болгон жолугушуу учурунда Өкмөт башчысы ооруканага электрокардиограф жана эки компьютер принтери менен берилээрин айтты.
Өкмөт башчы жолугушуу учурунда медициналык жабдууларга 3 млн. сом сарпталаарын маалымдады.
Ө. Бабанов ушул эле айылдын №87 Сыдык Алайчы атындагы орто мектебине да барды. Мектеп 1990-жылы курулуп баштап, кайра токтоп калган. 1996-жылы курулуш иштери ашар жолу менен кайра жанданып, бирок жумуш аягына жетпей токтотулган эле.
Өкмөт башчы курулу иштерине бюджеттин эсебинен каражат бөлүп берилээрин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү