17
Апрель
2012
Бүгүн,17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы астында кеңешме өтүп, анда Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо” Программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга карата Иш-чаралар Планына байланышкан маселелер талкууланды.
Кеңешмени ачып жатып, Өкмөт башчысы азыркы тапта Жогорку Кеңештин комитеттеринде Өкмөттүн 2011-жылга отчетун жана “100 күндүн” жыйынтыктары каралып жаткандыгын айтты.
“100 күн ичинде Өкмөт эң жогорку темпте иштеди деп өзгөчө белгилегим келет. Мындан ары да ушундай эле темпте иштеп, оң натыйжаларга жетишүүбүз керек”, -деп белгиледи Ө.Бабанов.
Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрү Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен Өкмөттүн 2012-жылга карата Иш-чаралар планына кошумча киргизиле турган милдеттерди талкуулашты. Министрлик менен ведомстволордун позициясын эске алуу менен аларга алымча- кошумчалар киргизилди, аткаруу мөөнөттөрү такталды.
Кеңешменин аягында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов коюлган милдеттер өз убагында аткарылышына дайыма көзөмөл кылып туруунун зарылдыгын, бул үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жооопкерчилик тарта тургандыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү