14
Май
2012
Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Султан Раев белгилүү кинорежиссер, Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаровго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун атынан куттуктоо катты тапшырды.
Куттуктоо катында мындай деп айтылат:
«Урматтуу Геннадий Садырович!
Сиз элибиздин алтымышынчы жылдардагы атактуу кинорежиссерлорунун катарын толуктап келесиз. Ошол жыйырманчы кылымдын 60-жылдары жоон топ кинорежиссерлор: Убукеев, Океев, Шамшиев, Видугирис, Базаров ж.б. киноискусстводогу өз жолун башташкан. Дал ошондо жаңы Ренессанс, изденүү багыты, дүйнөлүк кинонун өсүп-өркүндөө мезгили болгон. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов сиздин «Сыйынуу», «Тыныгуу» аттуу иштериңизди көрүп, Сиздин ошол учурда болгону 23 жаштагы ВГИКтин бүтүрүүчүсү экендигиңизге карабастан өзүнүн «Саманчынын жолу» повестин экранга түшүргөнгө макулдугун берген… Сиздин «Буктурма»(1969) тасмаңыз Кыргызстандагы каражат жыйноо жагынан чемпион болуп, СССРдин кинотеатрларында чоң ийгилик менен коюлуп келген...Геннадий Садырович !
Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге чың ден-соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Жаңы чыгармачылык бийиктиктерди багынта беришиңизге тилектешпиз”.КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү