11
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге Россия күнү менен куттуктаган телеграмма жөнөттү.
Куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Урматтуу Дмитрий Анатольевич!
Мамлекеттик майрам – Россия күнү менен куттуктоомду кабыл алып коюңуз!
1990-жылдын 12-июнунда Мамлекеттик суверенитет жөнүндө декларациясы жарыялангандан тартып Россия Федерациясы мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, улуттук экономиканы өнүктүрүүдө, көп улуттуу россия элин консолидациялоодо мыкты ийгиликтерге жетишип, бул дүйнөлүк коомчулуктун ири колдоосуна ээ болду.
Жакында эле, 2012-жылдын 30-майында, Ашхабадда өткөн КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында болгон жолугушуубуз жылуу, жагымдуу маанайда өткөн эле. Талкууланган маселелер жана белгиленген пландар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы динамикалуу өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелердин бийик деңгээлин дагы бир ирет бекемдеди.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка сфералардагы кенен масштабдуу жана жемиштүү кызматташтык мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем.
Сизге, урматтуу Дмитрий Анатольевич, бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Россиянын достук мамилелеш элине – бейпилдик жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү