21

Январь

2012

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Карим Масимовго Парламент Мажилиси аркылуу Казакстан Республикасынын Премьер-министри болуп бекитилишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: “Урматтуу Карим Кажимканович, Парламент Мажилиси аркылуу Сиздин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин кызматына бекитилишиңиз менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Эл өкүлдөрүнүн Сизге кайрадан ишеним артышы Сиздин стабилдүү жана жетишкендиктери мол мамлекеттин өнүгүшүндө негизги ролду ойногон мыкты кесипкөй жана өз өлкөсүнүн мекенчил жараны катары жеке салымыңыздан улам болуп отурат деп эсептейм. Сиздин жетекчилигиңиздин алдында Казахстандын Өкмөтү өлкөнүн бакубаттуулугун арттыруу ишиндеги мыкты ийгиликтерин арттырып, жалпы бейпилдикти жана стабилдүүлүктү камсыздоого өз салымын кошот деп терең ишенем. Сиздин жеке колдооңуз боордош өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан ары да  тереңдешине көмөкчү болот деп ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чын дилимден Сизге, урматтуу Карим Кажимканович, бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана Казакстандын элинин жыргалчылыгына арналган мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздөгү ийгиликтерди каалайм”.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү