24

Август

2012

Бүгүн, 23-августта, КР Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгы алдында жумушчу кеңешме өттү. Анын жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгына, түрк кредитин пайдаланууга, республикалык бюджеттеги “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган каражаттарга байланышкан маселелер каралды. Кеңешмени ачык жатып, Премьер-министр Өкмөт жаңы Өкмөт түзүлгөнгө чейин кадимки режимде иштей бере тургандыгын айтты. “8 айлык ишибизде бир катар кардиналдуу реформаларды баштадык жана алардын аягына чыгышыбыз керек. Жаңы Өкмөттүн курамын бекитүүдө ушул жагдайга көңүл бурулууга тийиш деп эсептейм”, - деди Ө.Бабанов. Өкмөт башчысы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекети агенттигине буга чейин эле Ысык-Көл облусунун экологиялык постуларында автоматташтырылган төлөм системасын киргизүү боюнча тапшырма берилгендигин айтып, бул жаатта иш начар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Андан соң УКМКнын төрагасы Шамил Атахановдун “Кара-Кече” көмүр кениндеги абал туурасында маалыматы угулду. Анын сөзүнө караганда, бул жерде 190 млн. тонн көмүрдүн запасы бар. Мында дээрлик бардык көмүр казып алуучу ишканалар экологиялык нормаларды сакташпайт, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан буга жетиштүү көзөмөл жүргүзүлбөйт. Премьер-министр Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспециясына ведомстолор аралык комиссия түзүү боюнча демилге көтөрүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарын, министрлик менен ведомстволордун жетекчилерин киргизүүнү тапшырды. Андан соң билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жаңы окуу жылына карата даярдыктын жүрүшү туурасында маалыматы угулду. Анын сөзүнө караганда, республиканын мектептерин ремонттон өткөрүү иштери аягына чыкты. Капиталдык ремонтко 65 млн.сом бөлүнүп берилген. 1-сентябрга карата жаңы 20 мектепти пайдаланууга берүу пландаштырылууда. Азыркы тапта мектептер дагы 1700 мугалимге муктаж болуп турат. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине жаңы окуу жылына даярдык көрүүгө байланышкан  бардык маселелерди чечүү тапшырылды. ИИМге жол коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырылды. ӨКМге мектептердин имараттарынын сейсмикалык жактан туруктуулугун текшерип, өрт коопсуздугунун сакталышына көңүл буруу тапшырылды. Андан соң вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин 2012-жылга карата “капиталдык салымдар” беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматы угулду. Талкуунун жыйынтыгында Премьер-министр кийинки күнү транспорт жана коммуникация министри К.Султановдун, финансы министри А.Жапаровдун жана анын орун басарларынын катышуусу менен кеңешме уюштурууну тапшырды.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү