
Бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” бизнес-борборунда өткөн Кыргыз-Түрк соода-инвестициялык форумуна катышты.
Форумдун катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр бул иш-чаранын башкы максаты – өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү экендигин белгиледи.
«Кыргызстандын Өкмөтү ишкерлердин ишине жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берет. Бул багытта бир катар конкреттүү кадамдар жасалууда”, - деди Ө.Бабанов. Мисал катары Өкмөт башчысы жоюлган Мамлекеттик Каржы полициясынын ордуна башка мамлекеттик орган түзүлүп, ага мыкты кесипкөй кызматкерлер атайын ачык конкурс жолу менен тандалып алына тургандыгын, ушул орган гана ишкерлердин ишмердүүлүгүн текшерүүгө укуктуу боло тургандыгын белгиледи. Андан тышкары, 2012-жылы салык төлөмдөрүн 20% көбөйткөн ишкерлердин ишмердүүлүгү да текшерилбей тургандыгын айтты.
Өкмөт башчысы Түркия Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө салым кошуп келаткандыгын белгиледи.
“Бизде соода супермаркеттери, бизнес-борборлор ийгиликтүү иштеп жатат. Биз Евразияда ТИКА менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун саны боюнча экинчи орунду ээлейбиз”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр Ө.Бабанов түрк ишкерлери үчүн туризм, айыл чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү тармактарына инвестиция салышса ыңгайлуу боло тургандыгына көңүл бурду.
“Өкмөт инвесторлордун кызыкчылыктары корголо тургандыгына кепилдик берет. Мен форумдун катышуучуларын өлкөбүздүн экономикасына активдүү инвестиция салууга чакырып кетет элем. Бүгүн бул жерде министрлер, облус губернаторлору, бизнесмендер отурат, алар менен силерди кызыктырган бардык маселелердин тегерегинде пикир алмашып, талкуу жүргүзсө болот”, - деди Ө.Бабанов жана форумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Форумдун жүрүшүндө экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында презентация жасады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү
[gallery link="file" order="DESC"]