07
Март
2012
Бүгүн, 7-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилерине сертификаттарды тапшыруу аземине катышты. Аземге АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Памела Спратлен жана и USAID Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Директору Кэри Гордон да катышты.
Аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул жерде республиканын мыкты үрөнчүлөрү чогулгандыгын белгиледи.
“Биз АКШ Өкмөтүнө, USAID уюмуна Өкмөттүн үрөнчүлүккө жардам берүү боюнча демилгесине колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирип койгум келет. Жалпы бюджети 7,4 млн.доллар болгон программа Кыргызстандагы бардык үрөнчүлүк чарбаларын жабдуулар жана жогорку сапаттагы үрөн мененк камсыздоого багытталган. Ошентип, гранттык каражатты пайдалануунун жаңыча схемасы ишке киргизилүүдө. Өкмөт сөз менен эмес, иш жүзүндө фермерлерге реалдуу жардам көрсөтүүдө”, - деди Ө.Бабанов.
Премьер-министр конкурска бардыгы болуп 44 арыз түшкөндүгүн жана алардын ичинен 14 үрөнчүлүк чарбасы тандалып алынгандыгын белгиледи.
“Комиссиянын бул тандоосу туура же туура эмес болгондугу силердин ишиңердин жыйынтыгынан билинет. Силерде өнүгүу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк жаралып отурат, ошол эле учурда бул силер үчүн чоң жоопкерчилик болуп саналат. Силер үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн локомотиви болуп каласыңар деп үмүттөнөм”, - деди Ө.Бабанов.
Андан соң Ө.Бабанов республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын жетекчилерине сертификаттарды тапшырды.
Азем учурунда үрөнчүлүк чарбасынын жетекчилери чыгып сүйлөп, КР Өкмөтүнө, АКШ Өкмөтүнө жана USAID уюмуна өлкөнүн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү